Нооруз - 2016

2016-жылдын 18-мартында КМЮАнын жамааты Нооруз майрамын белгиледи. Юридикалык академиянын  окутуучу, кызматкер жана студенттерин жаз майрамы менен КМЮАнын ректору Канат Керезбеков куттуктады.

Театрдаштырылган майрамдык иш-чара "Умай эне" "жер ээсин" жана залда отурган жамаатты "Алас, алас! Ар балээден калас! Эски жыл кетти, жаңы жыл келди! Айдан аман, жылдан эсен чыгалы! Орообуз - данга толсун, корообуз - малга толсун, оозубуз - нанга толсун!" деп аластап, арча түтөтүп, айлананы "жамандыктан" тазалады. Улуттук форма кийген кыздар залда отургандарга сүмөлөк, боорсоктон ооз тийгизишти.

Салтанаттын концерттик программасында КГЮАнын таланттуу студенттери ырдап, бийлеп элге майрамдык маанай тартуулашты.