Кыргыз, орус, чет тилдер боюнча олимпиада

2016-жылдын 6-апрелинде МДРЛТ борбору тарабынан окутулган тилдер  боюнча КМЮАнын факультеттеринин арасындагы 4-жолку олимпиада өткөрүлдү.  Кыргыз, орус, англис тилдери 4-жолу ал эми  араб жана кытай тилдеринен 1-жолу өткөрүлдү. Олимпиаданын негизги максаты студенттердин мамлекеттик, расмий жана башка чет тилдерди үйрөнүү, аларды колдонуу жөндөмдүүлүктөрүн арттырып, окутуучулар менен студенттердин ортосундагы ишмердүүлүктү бекемдөө. Олимпиада обьективдүү жана  калыстардын туура баалоосу менен өткөрүлүп,   ар бир катышкан студенттин аты жөнү шифрленип, көмүскөдө сакталды. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча академия тарабынан 1, 2, 3-орунга диплом жана баалуу сыйлыктар, 4, 5-орунга сертификат жана кызыктыруучу сыйлыктар каралган. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча ар бир тилде төмөнкүдөй көрсөткүчтөр болду.

 

Кыргыз тили боюнча:

1-орун  Залкарбековка Жылдызай -    Башкаруу жана укук факультети.

2-орун  Кисанбаев Нуралы   -  Сот- прокурордук факультети.

  1. -орун   Кажибекова Ширин - Башкаруу жана укук факультети.

4-орун  Карыбагышева Нурайым - Башкаруу жана укук факультети.

4-орун  Зарлыкова Айданек - Башкаруу жана укук факультети.

5-орун  Азат кызы Айдана – Юридикалык колледж.

Орус тили боюнча:          

1-орун  Саидова Нуржамал – Тергөө-криминалистикалык  факультети.

2-орун  Болотбек уулу Тимурлан – Сот-прокурордук факультети.

3-орун  Иманканова Айгерим – Сот-прокурордук факультети.

4-орун  Токтомамат кызы Асель - Юридикалык колледж.

5-орун  Маматалиева Карлыгач – Сот- прокурордук факультети.

Англис тили боюнча:

1-орун  Абдисаттарова Махабат - Юридикалык колледж.

2-орун  Доктурбек уулу Темирлан - Юридикалык колледж.

3-орун  Аширова Айсулуу - Сот- прокурордук факультети.

4-орун  Сманова Адель - Юридикалык колледж.

5-орун  Курбанова Адинай –Укук жана ишкердик факультети

Араб тили боюнча:

1-орун  Канымкулов Нурмухаммед – Эл аралык укук факультети.

2-орун  Маматали кызы Гүлпери  – Эл аралык укук факультети.

3-орун  Мамрасул уулу Нурсултан – Эл аралык укук факультети.

4-орун  Абдуллаева Уулкан – Эл аралык укук факультети.

5-орун  Абдисалам уулу Бек – Эл аралык укук факультети.

Кытай тили боюнча:

1-орун  Талгатова Алтынай – Эл аралык укук факультети.

2-орун  Асангазиева Бегимай– Эл аралык укук факультети.

3-орун  Чокушов Албан– Эл аралык укук факультети.

4-орун  Орозалиев Рысбек – Эл аралык укук факультети.

5-орун  Турабаева Мадина– Эл аралык укук факультети.

Олимпиаданы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу 12- апрелде борбордун окутуучулары жана студенттердин катышуусу менен өттү. Анда борбордун жетекчиси  Г.Б. Мырзажанова  студенттерге өз каалоосун айтып,  сыйлыктарын тапшырды. Олимпиаданын  жыйынтыгы боюнча орус тилинин 1-4-орундарынын  жеңүүчүлөрү 21-апрелде болуучу жождор аралык олимпиадага катышууга жолдомо алышты.