• Главная
  • Академия
  • Новости
  • Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан 23-сентябрь –мамлекеттик тил күнү

Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан 23-сентябрь –мамлекеттик тил күнү

22-cентябрда Кыргыз  мамлекеттик  юридикалык  академиясында Мамлекеттик, расмий, дүйнөлүк тилдер жана лингивистикалык технологиялар борбору тарабынан даярдалган “Тарых  жана  маданият” жылына карата  23-сентябрь - мамлекеттик  тил  күнүнө  арналган  салтанаттуу  кече  болуп  өттү. Ал  тарыхка  из  калтырган  улуу  философ Жусуп  Баласагындын 1000-жылдыгына, Үркүндүн  100 жылдыгына жана Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына  арналды. Булар боюнча кеченин башталышында студенттерге тарыхты сактоо, урматто максатында даректүү тасма көрсөтүлдү. Кеченин расмий бөлүгүн КМЮАнын окуу иштери боюнча  проректору, юридика илимдеринин доктору А.Ш. Мамбеткулов ачып, бүгүнкү күндө өлкөбүздө, окуу жайда мамлекеттик тилдин бардык тараптан өнүгүп жаткандыгы жөнүндө белгилеп, анын андан ары өсүшүнө кулач жайышына өз тилекетерин билдирип, майрамга катышып жаткандарды тил майрамы менен куттуктады. Ошондой эле мамлекеттик тил боюнча өтүп жаткан иш чараларга активдүү катышкан студенттерге Дипломдорду тапшырды. Мындан сырткары кеченин жүрүшүндө КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын өкүлү Абдыжапар уулу Мундузбек мамлекеттик тилдин илим-билим тармагына кошкон салымы үчүн КМЮАнын Экономика жана башкаруу кафедрасынын профессору А.О.Осмоналиевге КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын Ардак грамотасын тапшырды. Жана өз сөзүндө 2014-2020-жылдар аралыгына Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын өзгөчөлүгүнө токтолуп, мындан ары да КМЮАда мамлекеттик тилдин өнүгө беришин каалап, КМЮАнын жамаатын жана студенттерди майрам менен куттуктап кетти.

Кеченин салтанаттуу бөлүгүндө  акындардын жана автордук ырлардын ырларынан көркөм окулуп, 1-2-курстун студенттеринин күчү менен даярдалган Үркүндүн катаал  учурун  көрсөтөн “Ажардын  монологу”   Ж.Баласагындын  “Кут  алчу”  билим  чыгармасынан  сценка,  обондуу ыр бийлер тартууланды.