КМЮАнын Юридикалык колледжи тарабынан мамлекеттик тил күнү белгиленди

23-cентябрда КМЮАда Юридикалык колледжинин биринчи жана экинчи курстарынын студенттери  тарабынан даярдалган “Тарых  жана  маданият” жылына, 23-сентябрь - мамлекеттик  тил  күнүнө  жана Үркүндүн  100 жылдыгына арналган  иш-чара  болуп  өттү. 
Иш-чаранын расмий бөлүгүн Юридикалык колледжинин мүдүрү  Алмаз Кыдыралиев ачып, бүгүнкү күндө өлкөбүздө, КМЮАда мамлекеттик тилдин бардык тараптан өнүгүп жаткандыгы жөнүндө белгилеп, анын андан ары өсүшүнө өз тилекетерин билдирип, майрамга катышып жаткандарды тил майрамы менен куттуктады. 
Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн  колледжтин таланттуу студенттеринин күчү менен даярдалган концерттик программа коштоду. 1-2-курстун студенттери   обондуу элдик ыр бийлерди, Толгонайдын, Ажардын монологун тартуулашты, жана ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү айтышты.