• Главная
  • Академия
  • Новости
  • КМЮАда “ Юрлингвистика: укуктук тексттерди мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу көйгөйлөрү; талдоо...

КМЮАда “ Юрлингвистика: укуктук тексттерди мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу көйгөйлөрү; талдоо өзгөчөлүктөрү” аталган тегерек стол өттү.

КМЮАда  КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 16-сентябрындагы №1292/1 буйругу боюнча жарыяланган Мамлекеттик тилдин 1 айлыгын өктөрүү иш чараларынын алкагында 18-октябрда МРДТЛТ борбору тарабынан  “Юрлингвистика: укуктук тексттерди мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу көйгөйлөрү; талдоо өзгөчөлүктөрү” аттуу илимий – практикалык   тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго КР Жогорку Кеңешинин, КР Юстиция министрлигинин лингвистикалык экспертиза бөлүмдөрүнүн башчылары, КР ИИМдин, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун социолингвист адистери, юридикалык багыттагы жождордун өкүлдөрү  катышты.

Тегерек столдун пленардык бөлүгүндө КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Давлетов М.С.   “Кыргыз тилинде мыйзам   жазуунун айрым маселелери” жана  КМЮАнын доцентинин милдетин аткаруучу  Козубекова Тамара  “Ченемдик-укуктук актыларды жаратууда юридикалык лингвистиканын ролу” деген темада илимий баяндамаларын жасашты.

Ал эми талкуу бөлүгүндө ченемдик-укуктук актылардагы терминдердин ар түрдүү берилиши (көп түрдүүлүгү), алардагы стилиситкалык мүчүлүштүктөр; мыйзамдардын которулушунун кемчиликтери тууралуу маселелер талкууланды.  Мындан тышкары юрлингвистика тармагында кесипкөй адисттердин социолингвистика жана котормо боюнча жетишсиз болуп  жаткандыгы  да  белгиленди.

Тегерек столдун катышуучулары тарабынан төмөнкүдөй иштерди ишке ашырууга сунуштар белгиленди:

  1. Терминдерди бирдейлештирүү (унификация)  боюнча  тилчилер менен юристтер биргелешип иш алып баруусу;
  2. Укук терминдерин экспертизадан өткөрүүнү эксперттер  тобу жүргүзүүнү;
  3. Юрдикалык академияда окутуучулар жамаатына терминология, котормо боюнча сабактарды тилчи-окумуштуулардын катышуусунда өткөрүүнү  уюштуруу;
  4. Юрлингвистика боюнча иш-чаралардын ар кыл формаларын уюштуруу.

 

Тегерек столдун жыйынтыгында катышуучулар тегерек столдогу кызыктуу жана маанилүү маалыматтар үчүн уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары кызматташтыкта болууну каалап кетишти.    

Катышуучуларга  дагы   кызыктуу баяндамалары жана орчундуу ойлору үчүн КМЮАнын атынан Мамлекеттик, расмий, дүйнөлүк тилдер борборунун башчысы Г.Мырзажанова ыраазычылык билдирип тастыктамаларды тапшырды.