”Каада-салттардын ыймандуулукка тийгизген таасири” деген темада тегерек стол өттү

2017-жылдын 28-ноябрында Мамлекеттик, расмий жана дүйнөлүк тилдер борборунун  кыргыз тили секциясы тарабынан 2017-жыл  Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулган ”Каада-салттардын ыймандуулукка тийгизген  таасири” деген темада тегерек стол өттү.

         Тегерек столдун ачылышында МРДЛТБнын башчысы ф.и.к., доцент Г.Б. Мырзажанова каада жана салт деген эмне, кыргыздардын тааныткыч белгиси катары каада-салттардын ролун белгиледи.

          Тегерек столдун жүрүшүндө борбордун ага окутуучусу М. Расулова  “Кыргыз элинде балага байланыштуу каада-салттар, ырым-жырымдар” темасындагы баяндамасын окуп берди.

         Андан соӊ студенттер тарабынан даярдалган төмөндөгү баяндамаларга орун берилди:

  1. “Каада-салттардын ыймандуулукка тийгизген таасири барбы?” Сот-прокурордук факультетинин курсунун студенти Нурланов Изат;
  2. “Каада-салттардын коомго тийгизген таасири”.  Адвокатура жана юстиция факультетинин 2-курсунун студенти Муратбекова Аяна;
  3. “Боз үйгө байланыштуу каада-салттар”.  Сот-прокурордук факультетинин 2-курсунун студенти Ниязова Бурулсун.

         Иш-чарада студенттер тарабынан каада-салтка, каада-салттардын бүгүнкү күндөгү социалдык, руханий, коомдук мааниси боюнча көптөгөн суроолор берилип, баяндамачылар, окутуучулар тарабынан олуттуу жооптор алынды.

         Тегерек столду жыйынтыктоо менен катышуучулар төмөндөгүдөй резолюцияны бекитишти:

  • Бүгүнкү күндө ааламдашуу процесси күч алып жатканына карабастан, кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары сакталып калышы керек жана аны келечек муунга өткөрүп берүү азыркы жаштардын колунда;
  • Кыргыздын каада-салттары мамлекеттик деңгээлдеги бардык программаларда колдоого алынышы керек.;

Каада-салттарыбызды сактап калуу менен улуттук рухту сактап калабыз.