23 сентябрь - Мамлекеттик тил күнү

    Салт болуп калгандай 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында чоң салтанат менен белгиленди. Салтанатты окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, юридика илимдеринин доктору А.Ш. Мамбеткулов ачып, окутуучулар жамаатын жана студенттерди тил майрамы менен куттуктады, жана академияда Мамлекеттик тил боюнча иш-чараларга токтолуп, келечектеги бул багыттагы иштери тууралуу маалымат берди. 

 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Абдыжапар уулу Мундузбек салтанатка ардактуу конок катары чакырылып Мамлекеттик тил туурасында студенттерге маанилүү маалыматтарды берди жана Укук жана башкаруу факультетинин деканы Р.Т.Ибраимовго, Юридикалык колледждин ага окутуучулары Н.Токонова,  Б. Шапетовага малекеттик тилдин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн  Мамлекеттик тил комиссиясынын Ардак грамотасын тапшырды.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн  Академиянын таланттуу студенттеринин күчү менен даярдалган концерттик программа коштоду. Ошону менен бирге белгилеп кетүүчү жагдай, салтанатту кечеде кыргыз тилинин өнүгүшүнө, түптөлүшүнө салым кошкон инсандардын даталуу жылдары болгондуктан көрүүчүлөргө Жусуп Баласагындын ырларынан көркөм окулуп,  К.К.Юдахиндин 125 жылдыгына карата анын өмүр жолу туурасындагы  фильм көрсөтүлдү.