Мектеп окуучулары арасында “Айтматов таануу” викторинасы

 2017-жылдын  17-февралында КМЮАда мектеп  окуучулары  үчүн  ачык эшик  өттү. Бул күнү Мамлекеттик, расмий , дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык  технологиялар борбору тарабынан   Чүй  обулусунун Аламүдүн  районунун мектептеринин окуучуларынын арасында  11-класстар  арасында  Ч.Айтматовдун  90-жылдыгына карата “Айтматов таануу”  аттуу  викторина өткөрүлдү.

Викторинанын жүрүшүн үч  тур менен өттү.1-турда Ч. Айтматовдун  чыгармалары , сыйлыктары боюнча   суроолор берилди. 2-турда Ч. Айтматовдун  чыгармаларындагы  сүрөттөрдү  атоо, ал эми 3-турда чыгармаларынан тесттердин алынган  үзүндүлөрүн табуу. Викторинанын максаты Айтматовду даназалоо жана окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин баалоо ошондой эле, аларды көркөм адабиятка кызыктыруу   болгон.

Викторинанын алкагында КМЮАнын таланттуу  студенттери  чакан  концерт  тартуулашты. Жыйынтыгында Айтматов боюнча билимдери мыкты болуп эсептелген төмонкүдөй көрсөткүчкө ээ болушту. Викторинаны жеңүүчүлөрү болуп Сокулук  районундагы Р.Мамыралиев  атындагы гимназия  орто мектебинин “Делбирим” 1-орунду , 2-орун Аламүдүн  районундагы Б. Бейшеналиев  атындагы орто  мектебинин “Жамийла” командасы, 3-орунду  Аламүдүн районундагы                           А. Айдралиев  атындагы  орто  мектебинин “Ак кеме”  командасы ээледи. өз ыктыялары менен катышкан Ленин  районундагы  №40 мектептин “Ынтымак” команадасынны окуучулары  4-орунга  ээ болушуп, аларга ыраазычылк билдирилди. Жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты. Кеченин аягында академиянын окутуучулары мектеп окуучуларына КМЮАнын артыкчылыктары жөнүндө маалымат беришти.