"Алыкул Осмонов- кыргыз поэзиясынын таң чолпону"

Юридикалык колледждин мамлекеттик тил мугалимдери ага окутуучулар Абдыдаева Дилбар жана Чыйбылова Жасийля "Алыкулдун поэзиялары " сабагын өткөрүштү. Бул сабакта Алыкул Осмоновдун поэзияларынан көркөм окуу, музыкалуу ырларын аткаруу, Мекен темасындагы ырларына өзгөчө басым жасылып, 1- курстун мыкты студенттери катышышты. "Ата-Журт" деген ыры боюнча жазылган дил баяндар жыйынтыкталып, мыктылар аныкталды.