“Тил - адамдын канаты” семинары

5-июнда Кырыгыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы мамлекеттик тил, улуттук баалуулуктарды ааламдаштыруунун алкагына киргизүү зарылдыктары жөнүндө студенттер арасында “Тил адамдын канаты”  аттуу семинар өттү.

Семинар Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына  ылайык улуттук комиссиянын “Бир бол” таасир берүүчү клубу менен биргеликте уюштурулду.

Семинардын максаты - жаштардын мамлекеттик тилге болгон жоопкерчилигин жогорулатуу, ага болгон сый-урматын арттыруу жана реалдуу мисалдардын негизинде тилди билүүнүн маанилүүлүгүн жеткирүү. Мамлекеттик тилди эң мыкты деңгээлде билүүгө үндөп, расмий жана эл аралык тилдерди тереңирээк өздөштүрүп дүйнөлүк рынок аттандаштыгына туруктуу жаштардын муунун тарбиялоону калыптандыруу.

Семинарды өткөрүү тартиби - элге таанымал инсандарды конокко баяндамачы катары чакырып аны менен пикир алмашуу. Буга ылайык КМЮАга баяндамачы катары   КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Жанар Акаев Кубанычович чакырылган.

КМЮАнын студенттердин катышуусунда өткөн семинарды алгач окуу жайдын ректору, юридика илимдеринин доктору  Б.Рысмендеев ачып, мамлекеттик тил жана аны өркүндөтүүдөгү мыйзам чыгаруу органын жана улуттук комиссиянын ролун өзгөчө белгилеп кетти.  Жана ошондой эле КМЮАда жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик тил боюнча иштердин жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

 Мындан тышкары семинардын ачылышында Улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевге сөз берилди. Төрага мамлекеттик тилди сактап калуудагы улуттук баалуулуктарга токтолуп, жаштарды мекенди сүйүүгө, тилди урматтоого чакырып, келечекте мамлекеттик тилди билүү менен бирге замандын алдыңкы жаштары үчүн көп тилдүү билүү керек экендигин баса белгиледи.

Ачылыш сөздөн кийин, баяндамачы Жанар Акаев өзүнүн “Мамлекеттик тил жана иденттүүлүк” деген темадагы баяндамасын жасады. Баяндамачы баяндамасында өз жашоосунда мамлекеттик тилге жана чет тилине байланышкан таасирлүү окуяларды студенттерге баяндап берип, эне тил менен бирге чет тилдерин билүү менен алдыңкы, күчтүү  жаштардын мамлекет үчүн маанилүү экендигин айтты жана студентерди ошол алдыңкы жаштардын катарын толуктоого чакырып кетти. Семинардын аягында студенттер кызыккан суроолорго жооп берип, инсан катары калыптануу боюнча аларга кеңештерин берди. Студенттерге белектерди тапшырып КМЮАга жана уюштуруучуларга ыраазчылыгын билдирди.