КМЮАда мамлекеттик тил күнү белгиленди.

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында чоң салтанат менен белгиленди. Салтанатты окуу жайдын ректору, юридика илимдеринин доктору Рысмендеев Бакыт Джеңишбекович ачып,  окутуучулар жамаатын жана студенттерди тил майрамы менен куттуктап, академияда  жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик тил боюнча иш-чараларга токтолуп, келечектеги бул багыттагы иштер тууралуу маалымат берди. 

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Мамлекеттик тилди кабыл алууга арналган видео менен ачылып, академиянын таланттуу студенттеринин күчү менен даярдалган концерттик программа коштоду. Ошону менен бирге белгилеп кетүүчү жагдай, башка улуттагы студенттердин кыргыз тилинде окуган ырлары көпчүлүктүн купулуна толду.