“Мамлекеттик тил жана башка тилдерди да билүү маанилүү” деген темадагы семинар.

22-октябрда  Кыргыз  Республикасынын Президентине  караштуу  мамлекеттик  тил  боюнча улуттук  тил  комиссиясынын  төрагасы  Ишекеев Назаркул  Ишекеевич  менен  биргеликте  Улуттук  телерадио  корпорациясынын   жетекчиси Карыпбеков   Илим  Майрамбекович  менен  кыргыз  мамлекеттик  юридикалык  академиясынын  студенттери   “Мамлекеттик  тил жана  башка  тилдерди да билүү  маанилүү”  деген  темада  семинар  болду. Бул  семинардын  максаты жаштарга  туура  багыт  берүү, мамлекеттик  тилде  эркин  сүйлөө  жана  башка  тилдерди  билүү  чоң  жетишкендик  менен катар  заман  талабы  экендигин   баса  белгилеп  келечекке  кең  кадам  таштоо,  эмгекчил  болуу  жана  терең  билим  алуу  менен  ийгиликке  жетишүү керек . Алгач Мамлекеттик  тил  боюнча   улуттук  тил  комиссиясынын  төрагасы Назаркул  Ишекеевич  сөз  сүйлөп улуттун  жаны  тил  экендигин, тилди  өнүктүрүүдө  жаштардын  да  салымы  чоң  экендигин баса  белгиледи.  КМЮАнын  ректору  Бакыт  Жеңишбекович  да юридикалык  академияда  да  мамлекеттик  тилди  өнүктүрүүдө  алгылыктуу  иштер  жүрүп,  иш  кагаздары  бардыгы  кыргыз  тилинде экендигине  токтолуп  ошондой  эле Иш  кагаздарын  текшерүү  боюнча   жумушчу  топ  юридикалык  академия алдыңкы  орунда  тургандыгын  да айтып  өттү.                                                                        Улуттук  телерадио  корпорациясынын   жетекчиси Карыпбеков   Илим  Майрамбекович  менен  менен жолугушуу  кызыктуу   болуп,  жагымдуу  шартта ,  жакшы  суроолорго,  жооп  алышты.  Илим  Майрамбекович  Америкага  барганда  кыргыз жарандарын атайын  издеп  жолугушуп,  алар  менен  маектешип, кандай жумушта  иштеп  ийгиликке  жетишкендиктерин,  студентерге  айтып  берип ,  сүрөттөрүн  да  көргөздү.  Билбегенди  билиш  үчүн  эч  качан  уялбаш  керек  экендигин  жеткиликтүү  тушүндүрдү .  суроолор  абдан  көп  болуп,  кыскасы  бул  жолугушуу  абдан  кызыктуу  өттү.  Илим  Карыпбеков  жөнөкөйлүгү,  адамкерчилиги,  билими  жана  пазитивдүүлүгү  менен  айрымаланды.  Бул  күн  да  биздин  студенттер  үчүн жакшы  күндөрдүн бири  болду.