Чынгыз Айтматовдун үй-музейине экскурсия

Юридикалык колледждин кыргыз тили жана адабияты сабактарынын ага окутуучулары Чыйбылова Ж.Т. жана Абдылдаева Д.К. уюштуруулары боюнча Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата 1-курстардын студенттери менен Ч.Айтматовдун үй музейине барып келишти. Бул иш чара пландын негизинде өткөрүлүп, 12-декабрда жыйынтыкталат. Өзгөчө Ч.Айтматовдун сыйлыктары студенттерге шык бергендиги, алардын тааныштырып, маалымат берип жүргөн Гүлсина эжеге студенттердин берип жаткан суроолорунан билинип турду.