Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 90-жылдыгы

Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун 90-жылдыгы кыргыз журтчулугу гана эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү адабият сүйүүчүлөрдүн арасында абдан кызуу белгиленүүдө. Ушуга байланыштуу КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган “Эне тил жана Айтматов” – мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Сот-прокурордук факультети бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Алардын ичинен Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине жана КМЮАнын түзүлгөнүнүн 15 жылдыгына карата “Эне тил жана Айтматов” бир айлыгы өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын эн негизни максаты студенттердин улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармаларын кандай денгээлде билет экендигин, акыл-кенештерин жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин тастыктоо болду. Коомчулукту жана КМЮАнын студенттерин Айтматовдун дүйнөсүнө жакындатуу, андагы гуманисттик идеяларды тереңдетип өздөштүрүү, ошондой эле турмуштук жана дүйнө таанымдык ой жүгүртүүлөрдү калыптандыруу болуп эсептелет. Улуттук баалуулуктарды, рухий  дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо.

Бир айлыкка КМЮАдагы төмөнкү факультеттердин студенттери катышты:

  1. Сот-прокурордук факультети
  2. Тергөө жана криминалистика факультети
  3. Адвакатура жана юстиция факультети
  4. Укук жана ишкердик факультети
  5. Укук жана башкаруу факультети
  6. Эл аралык укук факультети
  7. Юридикалык коледж
  8. IT академия

Иш-чара Cот-прокурордук факультети тарабынан демилгеленип уюштурулган  жана жобо боюнча үч конкурстук турдан турду.

  1. “Айтматовду окуйбуз” көркөм окуу сынагы (кыргыз жана чет тилдерде окуп тасмага түшүрүү);
  2. “Айтматов ааламы” акыл таймашы (Брейн-ринг);
  3. “Айтматов жана анын каармандары сүрөттөрдө” аталышындагы дубал гезиттердин кароо-сынагынан турду.

Ошону менен бирге ага  кошумча 12-декабрда улуу жазуучунун туулган күнүнө карата сот-прокурордук факультетинин студенттери Ата-бейит мемориалдык музей-комплексине барып, жазуучунун эстелигине гүл коюп, куран түшүрүүдөн  турган.

           Конкурска ылайык, катышуучулардын бардыгы Ч. Айтматовдун чыгармаларын кыргыз тилинде жана чет тилдерде  көркөм окуп аны тасмага түшүрүү болгон. Жазуучунун  өмүр жолу, чыгармачылыгы, андагы каармандар боюнча суроолорго жооп берүү  конкрстун талабы эле. Бул  коюлган талаптарга  командалардын ар бири мыкты даярдыктарын, активдүүлүгүн көрсөтө алды. Ал эми дубал гезиттердин конкурсуна студенттер чыгармачылык менен мамиле кылып, Айтматовдун чыгармачылык ааламын ар кандай палитрада берүүгө аракет кылышты.           Жалпылап алганда 15тен ашуун видеотасма жана 50 дөн дубал-гезит келип түштү. Алардын ичинен калыстар тобу эн мыктыларын тандап алышты.

Жалпы конкурстардын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкү студенттер аталды:

“Айтматовду окуйбуз” көркөм окуу сынагында чет тилде окугандар

1-орун- Юридикалык колледждин студенттери Нурдинов К, Кадыров А, Кенжебаева Т

2-орун - Юридикалык колледждин студенти Кенжебаева Т

3-орун Адвокатура жана юстиция факультетинин студенти Шамшиев М

Эне тилде көркөм окугандар:

1-орун Юридикалык колледждин студенти Алиев Б

2-орун Сот-прокурордук факультетинин студенттери Самидин у И, Жолдошбекова Б

3-орун Адвокатура жана юстиция факультетинин студенти Сыргак к А

“Айтматов ааламы” акыл таймашынан

1-орун Юридикалык колледждин “Алам алпы” командасы

2-орун Эл-аралык укук факультетинин “Элчилер” командасы

3-орун Адвокатура жана юстиция факультетинин “Ак кеме” командасы

“Айтматов жана анын каармандары сүрөттөрдө” аталышындагы дубал гезиттердин кароо-сынагынан:

1-орун Тергөө-кримминалистика факультетинин студенти Джаныбеков Б

2-орун Сот-прокурордук факультетинин студенти Жапар к А

2-орун Сот-прокурордук факультетинин студенти Токтосунова З

3-орун Башкаруу жана укук факультетинин студенттери

3-орун Сот-прокурордук факультетинин СПФ 10-15 группасы

 

           10-декабрда КМЮАда  жарыяланган бир айлыктын жабылуу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. Бул иш-чара  КМЮАнын ректору Б.Дж Рысмендеевдин сөзү менен башталды. Иш- чарага жалпы студенттер жана урматту коноктор келип катышышты. Аземдин эң кызыктуусу тасмадан көрүп жүргөн актерлорун жандуу көрүп, студенттердин алар менен маектешүүсү болду. Мисалы, “Куш өмүр” тасмасындагы Сейденин ролун аткарган  КРнын эмгек сиңирген артисттери Шайыргүл Касымалиева жана Ысмайлдын ролун аткарган Бузурманкул Одуракаев, ошондой эле “Ак кеме” тасмасындагы Нургазынын ролун жараткан Нургазы Сыдыгалиев болду. Ошондой эле сыйлуу коноктордун катарын КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова.Г.У., Президенттин  алдындагы Улуттук тил комиссиянын бөлүм башчысы Ишеналиева А.О. жана башкалар болду. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, сертификаттар жана дипломдор менен сыйланышты.

        Ал эми бул иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү Сот-прокурордук факультетинин мугалимдеринин жана студенттеринин 12-декабрда залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун эстелиги коюлган "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, жазуучунун арбагына таазим кылып, куран түшүрүү жана эстелигине гүл кою менен жыйынтыкталды.