Белгилүү лексикограф К.К.Юдахиндин 125 жылдыгына арналган ” Укук терминдерин которуу маселелери” аттуу илимий – практикалык тегерек стол

2015-жылдын 24-ноябрында    Мамлекеттик, расмий, дүйнөлүк тилдер жана лингвистикалык технологиялар борбору тарабынан белгилүү лексикограф  К.К.Юдахиндин  125 жылдыгына  арналган  ” Укук терминдерин  которуу  маселелери”  аттуу илимий – практикалык   тегерек стол болуп өттү. Бул иш чарага котормо тармагындагы эмгектенген  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын бөлүм башчысы Молдоканов Аалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Узакбаева Гүлзат Каныбековна, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү Черикчиев Жанарбек Осмоналиевич, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Орозакунов Айбек, Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти Касымалиев Болот Жолдошбековичтер  жана КМЮАнын атынан Илимий иштерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Рысмендеев Бакыт Жеңишбекович, Укук жана ишкердик факультетинин деканы Жакыбакунов Эркин Турсунбековичтер катышты. Тегерек столдо   укук терминдерин которуу маселелери тууралуу маанилүү баяндамалар жасалып, учурдагы терминдерди которууда  кайчы пикирлердин болуп жаткандыгы жана укук терминдерин бир калыпка келтирүү маселелери кызуу талкууланды.