• Главная
  • Академия
  • Новости
  • “Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуунун методологиясы жана...

“Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуунун методологиясы жана технологиясы”

2019-жылдын 3-апрелинде КМЮАда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрүнүн жана республиканын билим берүү мекемелеринин тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда “Мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуунун методологиясы жана технологиясы” аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өткөрдү. Конференциянын ачылышына КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н. Ишекеев, КМЮАнын мамлекеттик тил, окуудан тышкары иштер жана коопсуздук боюнча проректору М. С. Исмаилбеков катышып, билим берүү мекемелеринин адистеринин мамлекеттик тилди эл аралык стандартка ылайык деңгээлдер боюнча окутуунун маселелерине багытталган баяндамалары жасалды. 
Иш-чара мектепке чейинки, жалпы орто билим берүү мекемелеринде жана ЖОЖдордо кыргыз тилин окутуу боюнча бирдиктүү иш алып баруу максатында резолюциянын жобосун кабыл алуу менен жыйынтыкталды.