“Тил – улуттун күзгүсү”

23-сентябрь  Мамлекеттик тил майрамына карата КМЮАнын астындагы Юридикалык колледжинде “Тил – улуттун күзгүсү” аттуу  маданий иш чара болуп өттү.  Иш чаранын негизги максаты, жаш муундарды өзүнүн эне тилине, мекенине эли жерине, мекенчилдикке тарбиялоо.Бул Мамлекеттик тил майрамында,  кыргыз элинин байыртадан келе жаткан дастаны, манасы, айтыш, ыр күүлөрү 1-2-курстун студенттеринин арасында кыргыз тили жана адабият мугалимдери Чыйбылова Ж.Т., Токонова Н.К. жетекчилиги астында даярдалып, таалим – тарбиялык маанидеги маданий иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.