2019-жылдын 4-октябрында Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата ЖОЖдор арасындагы “Тамчы” интеллектуалдык оюнун жана тегерек столду өткөрдү

2019-жылдын 4-октябрында Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы №144-б буйругунун негизинде түзүлгөн уюштуруу комитетинин 2019-жылдын 8-июлундагы №21-31 протоколуна ылайык  жана «2019-ж Региондорду өңүктүрүү жана санариптештирүү» жылына карата Мамлекеттик тил борбору студенттердин ЖОЖдор арасындагы “Тамчы” интеллектуалдык оюнун жана «Мамлекеттик тил КРнын укуктук ченемдик актыларында» темасындагы тегерек столду өткөрдү.

Иш-чаранын максаты укук тармагындагы терминдерди кыргыз тилинде талкуулоо, жаштардын укуктук маданиятын көтөрүү, студенттердин ынтымагын бекемдөө жана эне тилин сүйүүгө үндөө болуп саналды.

Интеллектуалдык оюнга 7 окуу жай катышып, алардын ар бири мыкты даярдыгын көрсөтө алды жана алардын эң мыктылары жеңүүчү аталып,  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тартуулаган баалуу китептер белекке берилди.

Published: 11.10.2019 - 2:12, Friday