КГЮАнын Мамлекеттик тил борбору тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында Кыргыз эл акыны, чыгаан калемгер жана белгилүү журналист Шайлообек Дүйшеев менен мейман-лекциясы өткөрүлдү

КГЮАнын Мамлекеттик тил борбору тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында Кыргыз эл акыны, чыгаан калемгер жана белгилүү журналист Шайлообек Дүйшеев менен мейман-лекциясы өткөрүлдү. Кечеге окуу жайдын студенттери катышып, өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Акын чыгармачылыкка кантип келгенин, ийгиликке жетүү үчүн эмгек жана билим керек экендигин баяндап берип, өлкөнү өнүктүрүү үчүн ынтымак, биримдик болуусу башкы маселе деп баса белгиледи. Студенттердин суранычы боюнча айрым ырларынан окуп, алардын кызыгуусун арттырды. Студенттер да Ш. Дүйшеевдин ырларынан жатка көркөм айтып беришти. Жолугушуу абдан кызыктуу өтүп, студенттер чыгармачылыктын руханий азыгына ээ болуп кайтышты.

Published: 05.12.2019 - 11:41, Thursday