Sunday, February 27th, 2022.

Ийримдер жана клубдар

Студенттердин коомдук активдүүлүгүн жогорулатуу үчүун университетте студенттик ийримдер жана кызыкканы боюнча ийримдер иштейт. Студенттик клубдарга катышуу жаңы досторду табуу, жаңы көндүмдөрдү өнүктүрүү, интеллектуалдык жана лидерлик жөндөмүн кеңейтүү, командада иштөө, максат коюу жана ага жетүү, чыгармачылыкты өнүктүрүү, ошондой эле кызыктуу жана шаттуу убакыт өткөрүү сыяктуу көптөгөн артыкчылыктарды берет: 

KГЮАда 9дан ашык студенттик клубдар жана ийримдер бар, аларда студенттер өз идеяларын ишке ашырууга жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

КГЮАнын вокалдык-инструменталдык ансамбли

КГЮА ВИА – өзүн музыкада өнүктүргүсү келген талантуу студенттерди издөө үчүн КГЮАнын вокалдык-инструменталдык ансамбли түзүлгөн.

ВИА өнөрү бар бардык студенттерди өзүнүн катарына кубануу менен кабыл алат. Каалагандар гитара, вокал, клавишалар, урма аспаптардан ж.б. тандоо менен өтө алат.

Азыркы учурда университеттеги бир дагы иш-чара ВИА КГЮАнын коштоосуз өтпөйт.

Сабактарга бардык каалоочулар катыша алат. Себеби ырдоо же инструменте ойноо үчүн каалоо ганан керек. 

Чыгармачыл жаңы багыттын бөлүгү болгонго шашыл!

Ансамблге катышуу үчүн Ибрагим Асылбашевге кайрылгыла. Тел: +996 708 492857 

АРТ-Клуб

Студенттердин чыгармачыл потенциалын ишке ашыруу, коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүү, өз алдынча чечим чыгарууга жана демилге көтөрүүгө жөндөмдүүлүгү, моториканы өнүктүрүү, адеп-ахлак маданиятынын деңгээлин жогорулатуу клубдун максаты болуп саналат.

Клубга кирүү үчүн Кыдыралиев Алмаз Тойматовичке кайрылыңыз. 

Тел: +996 771 71 46 45

«Сириус» волонтерлор кыймылы

Өз каалоосун ишке ашыргысы келген, өлкөсү, андагы жашоочулары жана курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн пайдалуу жана жакшы иш жасоону каалаган жаштарды бириктирет.

Жаштар, өзгөчө студенттер үчүн волонтерлук – алгачкы кесиптик тажрыйба алууга эң сонун ыкма, бул өз көндүмдөрүн дагы өнүктүрүүгө жана өзүн сыноодон өткөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени волонтерлор гана ар бир долбоорду/иш-чараны ачык, даана түстө жан дили менен жасай алышат. Волонтер болуу менен коммуникациялык көндүмдөргө, чыгармачыл жана     инновациялык ой жүгүртүүгө, ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөлөрүндө тажрыйбага ээ болосуз. 

Болуп көрбөгөндөй сезимдер, жаңы тааныштар жана достуктар – ушунун бардыгын волонтер болуу менен гана ала аласыңар. 

 “Сириус” ВКка кирүү үчүн Бардыбаева Нуржан Кубанычбековнага кайрылгыла. Тел: +996 708 123 431

КГЮАнын дебаттык клубу

Жаштардын оратордук чеберчилик, логиканын, сынчыл ой жүгүртүүнүн, чечендик өнөрүнүн жана лидерлик сапаттарынын көндүмдөрүнө ээ боло турган ыктыярдуу бирикмеси.

Студенттер үчүн дебаттар – бул:

  • көз караштарын жана келечегин кеңейтүү ыкмасы;
  • студенттер жана жаштардын коомдук бирикмелеринин ортосундагы кызматташтыктын жана байланыштын өнүгүшү;
  • студенттердин маңыздуу, кызыктуу жана ар түркүн жашоосун жолго коюу;
  • студенттердин демилгелерин жана идеяларын ар тараптуу колдоо;
  • жаңы досторду жана санаалаштарды табуу.

Клубга кирүү үчүн Джумалиев Данияр Сардарбековичке кайрылгыла. Тел: +996 500 32 05 65

«STEP BY STEP» жеңил атлетика жана скандинавия жөө жүрүш клубу 

Биздин университеттин студенттери жана окутуучулары арасында спортту өнүктүрүү жана пропагандалоо максатында түзүлгөн.

Чымыр спорттук формада болууну каалабаган адамды табуу кыйын. Аны жаратуу жана сактоонун эң мыкты жолу – жеңил атлетика жана сканинавия жөө жүрүшү.

Эгер спорттун бул түрү менен кызыксаңар, убакытты кетирбестен бизге кошулгула.

Клубга кирүү үчүн Кыдыралиев Алмаз Тоцматовичке кайрылгыла. Тел: +996 771 71 46 45

Китеп сүйөрмандарынын клубу

Студенттерди китеп окуу үчүн гана эмес, китептер чөйрөсүндөгү акыркы жаңылыктарды талкуулоо үчүн чогултуп турган клуб. Китеп билим булагы, дүйнө чабытты, логиканы, ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, эс-тутумду жакшыртып турары шексиз. Бүгүн да клубдагы башкы максат – окурмандардын китеп окууга ынтызарлыгын күчөтүү. 

Китептерден алган билимдерди колдонууга үйрөнгөн студенттер жашоодо бардык ийгиликтердин багындыра алат.

Бизге кошулгула!

Клубга кирүү үчүн Ажыбек уулу Нурбекке кайрылгыла. Тел: +996 700 001 551

«EcoWalk» эко-хайкинг клубу

Клуб университеттин базасында экологияны коргоонун конкреттүү чараларын жана практикасын киргизүүнү максат кылат. Ошондой эле экологиялык абалды жакшыртуунун жолдорун издөө, шаардын жашыл аймактарынын жана парк аймактарынын абалы үчүн жашоочулардын жоопкерчилигин тарбиялоо, айлана-чөйрөнү коргоо.

Клубдун негизги максаты – калк арасында экологиялык жана сергек жашоо образын жайылтуу.

Биз Сизди Эко-хайкинг клубуна кошулуп, экологиялык таза шаарда жашоого чакырабыз.

Клубга кирүү үчүн Советбек уулу Аскатка кайрылгыла. Тел: +996 551 211 559

Бий ийрими 

Бий ийрими – бул студенттин дене саламаттыгы жана чыгармачылык жактан өнүккөн, энергиясын жумшаган, эркин жана өзүнө ишенген жери.

Бий искусствосунун бардык сүйүүчүлөрүн бириктирүү жана бийди бардык мүмкүн болгон көрүнүштөр жана багыттарда өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Бий ийрими – студенттердин чыгармачылык потенциалын жана бий маданиятын ачууга жардам берет, аларды жандуу эмоциялар менен кубаттайт.

Театр ийрими

Ийрим – бул чыгармачылыкты жана инсанды бүтүндөй өнүктүрүүнүн көптөгөн артыкчылыктарын тандоо.

Бул ийримде:

– Актёрлук чеберчиликтин сырлары, өзүңүздүн жана башкалардын эмоцияларын башкаруу;

– Башкалардын көңүлүн кантип өзүнө тартуу жана сактоо;

– Чечендик өнөр, үнүң эмнеге жөндөмдүү;

– Баарлашуунун эркиндиги жана чын ыкластуулугуна үйрөнөсүңөр.

 Ийримдеги сабактар ​​сиздин өзүңүзгө берген бааны жогорулатат, дикцияны, сүйлөө жөндөмүңүздү жакшыртат. Эл алдында сүйлөөдөн коркуу сезимиңизди жеңе аласыз.

Театр клубу сизге биринчи караганда көрүнгөндөн да көптү берет!

Movie club

Movie club кимге видео тартуу, монтаж, анимация жасоо же сценарий жазуу кызыгууну жаратса.

Видеороликтерди монтаждоону, сценарий жазууну билсеңер, жакшы өнөргө ээ болосуңар. Бул кызыктуу жана чыгармачыл иш.

Жогорудагынын бардыгын биз менен бирге клубда өздөштөрүрө аласыңар.

Биз сиздерди күтөбүз!