Wednesday, February 9th, 2022.

Календарлык майрамдарга жана эскерүү даталарга арналган иш-чаралар

КГЮАнын  аянтчаларында календарлык даталарга жана эскерүү даталарга арналган бир катар уюштуруучулук жана маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Жылда бири-бирин жакшы көргөн жуптар күнүнө карата «Идеалдуу жуп» конкурсу (сынак) откөрүлөт.

Сынак бир канча этаптардан турат, алардын ар биринде студенттер актёрлук жана хореографиялык чеберчилигин көрсөтүшү керек. Студенттердин чеберчилигин чакырылган калыстар тобу баалашат.

Эл аралык аялдар күнүнө карата бир катар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт, мисалы:

  1. «Гендердик теңчилик жолунда» деген темада интеллектуалдык Quiz оюну. Иш чаранын максаты: Кыргыз Республик.асындагы гендердик теңчилик жөнүндө маалыматты жайылтуу жана пропагандалоо болуп саналат.
  2. Аялдардын саясий, экономикалык жана социалдык тармактардагы жетишкендиктерин даңазалаган жана планетадагы жалпы аялдардын өткөн тарыхын, бүгүнкүсүн жана келечегин баса белгилеген конок жолугушуулар өткөрүлөт.
  3. КГЮАнын жалпы аялдар жамаатын салтанаттык куттуктоо.

Күн менен түн теңелген жаз майрамы – Нооруз күнүнө карата КГЮАда жыл сайын салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Майрамдоо салттуу сүмөлөк даярдоо менен башталат. Ал эми эртеси окутуучулар жамааты сүмөлөктү боорсок менен даам татып, каалоочулар болсо үйгө да алып кетсе болот. Ошондой эле элдик спорт оюндары ордо, тогуз коргоол, чака чапмай жана оромпой да өткөрүлөт. Бардык жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Улуу Жеңиш күнүнө карата бир катар эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт, мисалы: Жеңиш вальсы жана Өлбөс полк. Эң жарык, эсте каларлык, укмуштуудай жана таасирдүү бөлүгү – бул Жеңиш вальсы болуп саналат. Бий флешмобу да университет үчүн жакшы салтка айланды. Жеңиш вальсы – бул согуш талаасында өмүрүн берген жаштардын элесине арналган ыраазычылык. Бул иш-чара өсүп келе жаткан жаңы муун үчүн чоң ата менен аталарынын эрдигине таазим кылуу катары өткөрүлөт.

«Өлбөс полк» – Улуу Ата Мекендик согуш муунунун, аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын жана бабаларыбыздын жеке элесин сактап калууга арналган эң жаркын патриоттук кыймылдардын бири.

Полк – бул миллиондогон согушта каза болгондор жана алардын урпактары. Жаштарды патриоттук иш-чараларга тартуу, баатырлар жана катардагы жоокерлер жөнүндө сөз кылуу, балдардын полкко тиешеси бар, катышы бар болгон сезимин өстүрүү, согуштун катышуучуларын элесин урматтап, сыйлоо сезимдерин ойготуу. университетибиздин ардагерлерин аттарын 

Биздин окуу жайыбыздын согуштук аракеттерге түздөн-түз катышкандардын, ошондой эле тылдагы эмгектери менен көптөн күткөн Жеңишти жакындаткан ардагерлерибиздин ысымдары эсибизде. Жыл сайын КГЮАнын студенттери жана кызматкерлери «Өлбөс полк» акциясына кошулуп, активдүү катышышат.

Мамлекеттик тил күнүнө карата КГЮАда ар кандай иш-чаралар: конок жолугушуулары, салтанаттуу кечелер, конференциялар, тегерек столдор, сынактар өткөрүлөт.

Иш-чаранын алкагында окутуучулар жана студенттер мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынуу тарыхын чагылдырган даректүү тасманы көрүшөт, ректор мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамотасын тапшырат.