Фирмалык стиль
КГЮАнын жаңы логотиби ачык кызыл квадратты туюндуруп, анын ичинде калкан менен китеп жайгашкан.
Калкан укуктарды коргоонун, ар-намыстын, кадыр-барктын, калыстыктын жана берилгендиктин символикасы.
Китеп. Калкандын так ортосунда жайгашкан ачык китеп – билимдин кынтыксыздыгы, ойдун жана чыгармачылыктын шайкештиги.
Квадрат. Калкан жана ачык китеп квадраттын ичинде жайгашкан.
Квадрат – эң жөнөкөй жана кеңири тараган геометриялык символ. Акыйкаттыкты, калыстыкты, даанышмандыкты, интеллектини, билимди символдоштурат.
Символиканын башкы түстөрү
Ачык кызыл жана Көк
Фирмалык шрифттер:
– Bitter
– Source Serif Pro
Университеттин логотиби:
– КГЮАнын логотибинин баштапкы варианты
КМЮУ девизи
Келечекке ишенимдүү кадам!
КГЮАнын тумарлары:
- Сүлөөсүн
- Чынар дарагы
Сүлөөсүн – университеттин бүтүндөй чыгармачылык, интеллектуалдык жана спорттук күч-аракеттери ачык жана эсте кала турган бренд алдында бириктирген тумар.
Кыраакылыкты, көрүүнүн курчтугун,акыл-эстин сергектигин, тунуктугун, чындыкты бийик тутууну символдоштурат.
Сүлөөсүн – мышык тукумундагы, кулагы тик жана куйругу кыска жырткыч жаныбар.
КГЮА Сүлөөсүн тумарынын баштапкы варианты
Чынар дарагы – экинчи тумар, ал күч-кубатты, коргоону, түбөлүктүүлүктү жана үмүттү символдоштурат. Чынар – көп жашоочу, таажылуу шак-бутактуу, зор дарак. Ал 2000 жылга чейин жашап, 45-50 метр бийиктикке жана сөңгөгүнүн диаметри 6 метрге чейин жетет. Бул таажы сымал кең жайылып өскөн жана кабыгы жылмакай ачык боз түстүү кооз дарак болуп саналат.
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ЮРИДИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН ГИМНИ
Сөзү А. Өмүркановдуку Обону С.Жумалиевдики
Калыстык күн нурун чачса,
Ачылат бүркөк асман,
Адилет болбосо мыйзам,
Адилет болбойт заман.
Кайырмасы:
Юракадемия – билим, илим уясы.
Юракадемия, юракадемия,
Эртеңки күндүн кубаты.
Атканда адилдик таңы
Жаңырат адам жаны,
Мыйзамдар жакшырган сайын,
Оңолот коому дагы.
Кайырмасы:
Акыл-эс алдыга жылса,
Коомубуз алга жылат.
Калыстык адилет гана
Дүйнөгө сайраң курат.