Wednesday, February 9th, 2022.

Спорттук иш-чаралар

КГЮАда дене тарбия менен спортту ɵнүктүрүү инсандын гармониялуу ɵнүгүшүнүн маанилүү каражаты болуп саналат.

Дене тарбия коомдук маданияттын ажырагыс бөлүгү катары, ал эми дененин физикалык жактан чыңдоо мамлекеттин социалдык саясатынын эң маанилүү багыты катары каралат.

Бүгүнкү күндө студенттердин массалык спортун өнүктүрүү университеттин окуу-тарбия иштеринин артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Университетте иштеген бардык спорттук секцияларга жогорку сапаттагы, окуу процессин камсыз кылган машыктыруучулар – окутуучулар бекитилген.

 

 КГЮА да төмөнкү спорттук иш-чаралар өткөрүлөт:

  1. КГЮАнын 1-курсунун студенттеринин арасында спартакиада. Ал окуу жылынын башталышында (октябрь-ноябрь) спорттун 13 түрү боюнча 1-курстун студенттери арасында спорттун мыкты спортчуларын аныктоо жана КР ЖОЖдорунун Универсиадасына катышуу үчүн КГЮАнын командасын тандоо максатында өткөрүлөт.Спартакиада жаштарды сергек жашоого үндөө максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.
  2. Спорттун олимпиадалык жана улуттук түрлөрү боюнча КГЮАнын студенттери арасындагы спартакиада. КГЮАнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 1-4-курстарынын студенттери арасында спорттун 22 түрү боюнча (октябрь-ноябрь) өткөрүлөт. Спартакиада жыл сайын шаардык, республикалык жана эл аралык масштабдагы ар кандай спорттук мелдештерге катышып, спорттун түрлөрү боюнча командаларды жыйынтыктоочу мыкты спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлөт.
  3. КГЮАнын колледждеринин студенттеринин арасындагы спартакиада. Спартакиада колледждердин бардык курстарынын студенттеринин арасында спорттун түрлөрү боюнча КГЮАнын курама командаларын андан ары толуктоо үчүн мыкты спортчуларды аныктоо максатында (ноябрь—декабрь) өткөрүлөт. Спартакиаданын программасына спорттун 11 түрү кирет.
  4. КГЮАнын АБП жана профессордук-окутуучулук курамы (ПОК) арасында кичи футбол боюнча чемпионаттар. Мелдеш жыл сайын (ноябрь) КГЮАнын кызматкерлери арасында өткөрүлөт. Чемпионаттын максаты: дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу; КГЮАнын кызматкерлери арасында мини футболду жайылтуу; профессордук-окутуучулар курамы жана АБП арасында мини футбол боюнча курама команда түзүү. 
  5. П.и.к., доцент З.Ш.Бейшеналиевдин жаркын элесине арналган КГЮАнын профессордук-окутуучулук курамы жана АБП арасында волейбол боюнча турнир. Мелдеш жыл сайын KГЮАнын кызматкерлеринин эркек жана аял командаларынын арасында (декабрь) өткөрүлөт.Турнир KГЮАнын командасын ар кандай масштабдагы спорттук иш-чараларга (Бишкек шаарындагы чемпионат, Бишкек жана Кыргыз Республикасынын орто жана кесиптик билим берүүчү, ЖОЖдорунун кызматкерлеринин арасында «Ден соолук» спартакиадасына) катышуу максатында өткөрүлɵт.
  6. Стол тенниси боюнча КГЮАнын профессордук-окутуучулар курамы жана АБП арасында ɵткɵрүлүүчү чемпионат. Мелдеш аялдар жана эркектер арасында командалык жана жеке мелдеште КГЮАнын кызматкерлерин мындан ары шаардык жана республикалык масштабдагы ар кандай мелдештерге (Бишкек шаарындагы чемпионат, КР чемпионаты, Бишкектеги жана Кыргыз Республикасынын университеттеринин, орто жана кесиптик билим берүүчү  кызматкерлеринин арасында «Ден соолук» спартакиадасы) катышуусу үчүн өткөрүлөт.
  7. Ата-Мекенди коргоочулар күнүн майрамдоого арналган КГЮАнын профессордук-окутуучулук курамы жана КГЮАнын АБП арасында бильярд боюнча чемпионаты. (февраль) КГЮАнын профессордук-окутуучулук курамы жана АБП арасында бильярд боюнча чемпионат команданын ынтымактуулугун чыңдоо, күчтүү бильярдчыларды аныктоо максатында өткөрүлөт.
  8. Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун универсиадасы. Студенттер арасындагы КР ЖОЖдорунун Универсиадасына (жогорку лига) спорттун 23 түрү боюнча катышуу. Универсиада Кыргыз Республикасынын студенттеринин арасындагы негизги спорттук иш-чара болуп саналат.  КГЮАнын курама командалары КР ЖОЖдорунун Универсиадасынын программасына кирген спорттун бардык түрлөрүнө катышып, акыркы жылдары командалык мелдеште (февраль-апрель) байгелүү орундарды ээлеп келишет.
  9. Улуттук «Нооруз» майрамына карата спорттук иш-чара. Мелдештер жыл сайын КГЮАнын кызматкерлери арасында ордо, тогуз коргоол, «Чака чапмай», «Аркан тартыш», «Оромпой» (март) боюнча өткөрүлөт. Спорттук иш-чара кызматкерлер арасында улуттук спортту жайылтуу максатында өткөрүлөт.
  10. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишти майрамдоого арналган профессордук-окутуучулар жамааты жана АБП арасындагы спартакиада. Спартакиада жыл сайын КГЮАнын кызматкерлери арасында волейбол, жабык футбол, жеңил атлетика, дартс, аркан тартыш жана башка спорт түрлөрү боюнча өткөрүлөт (май).
  11. Ысык-Көл спартакиадасы КГЮАнын профессордук-окутуучулар жамааты жана АБП арасында болот. Мелдештер жыл сайын Ысык-Кɵл областындагы Чок-Тал айылында “Дельфин”  спорттук ден соолукту чыңдоо лагеринде өткөрүлөт. Мелдештер:пляж волейболу (эркектер, аялдар), пляждык мини-футбол, стол тенниси (эркектер, аялдар), баскетбол (эркектер, аялдар), суу спорту ж.б. (июнь) спорттун түрлөрү боюнча болот. Спартакиада команданын ынтымактуулугу жана командалык духтун калыптанышы үчүн өткөрүлөт.