Friday, January 28th, 2022.

Университеттин материалдык-техникалык базасы

КГЮАда студенттер, аспиранттар, кызматкерлер жана окутуучулар үчүн окууга, ишке жана эс алууга бардык шарттар түзүлгөн.

Окутуунун үзгүлтүксүз процесси жана илимий-изилдөө, инновациялык ишмердүүлүктү ишке ашыруу Бишкек шаарындагы 3 окуу корпусунда жана Каракол шаарындагы 1 корпуста жүргүзүлөт. Алар бардык керектүү техника жана программалык жабдуулар менен камсыздалган. Окуу жайдын карамагында Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан «Дельфин» спорттук-ден соолукту чыңдоо лагери бар. 

Жайлуу лекциялык залдар, лабораториялар, заманбап программалык камсыздоосу бар компьютердик класстар, кабинеттер бардык талаптарга жооп берет. Жыл ичинде бардык окуу кабинеттери оңдоп-түзөтүлүп, жасалгаланып, керектүү мебель жана инвентарь менен жабдылат. Университет Интернетке чыккан локалдык тармакка бириктирилген. Окуу-илимий процесси жүргүзүлгөн ар бир корпуста конференц-зал же көп сандуу катышуучуларды иш-чараларга чогулткан атайын кабинеттер, актовый залдар ж.б. бар. Корпустардын кеңири фойелери маалымат стенддери менен жабдылып, окуу жайдын бардык корпустарында видео байкоо системасы орнотулган. Web-семинарларды жана on-line конференцияларды өткөрүү үчүн атайын залдар бар.  

Ошондой эле корпуста “Укук чеберчилиги” инновациялык-укутук борбору, санариптик чечимдер лабораториясы, Г.Гросса атындагы окуу-инновациялык криминалистикалык комплекс жана бөлүмдөр жана борборлор жайгашкан.

Библиотека

Илимий китепкана 1992-жылы Ж.Баласагын атындагы кайра даярдоо жана квалицикацияны жогорулатуу институтунун алдында алгач 28 китеп фондусунун негизинде түзүлгөн. 2003-жылдын 12-августунда  Ж.Баласагын атындагы КУУнун 15445 даана сактоочу фонду бар китепканасы КМЮАнын илимий китепканасы болуп өзгөрөт.

Китепкананын ишинин негизги багыттары катары: окуу процессин жакшыртуу жана камсыздоо, китеп фондусун топтоо жана сактоо, электрондук каталогду жүргүзүү, китепкананын окурмандарынын бардык маалыматтык талаптарын компьютердик технологияларды колдонуу менен ишке ашыруу болуп саналат.

Китепкананын маалыматтык мүмкүнчүлүгүн  63602 даана китеп, журнал, видео фильмдер, CD документтери, КМЮАнын 300дөн ашык китептери жана окуу китептери, жыл сайын 50дөн ашык мекенибиздеги жана чет өлкөлүк гезит-журналдар түзөт. Фонддо өзгөчө орунда XVIII-XIX кылымдарга тиешелүү сейрек кездешүүчү китептер турат.

Китепкана ишине заманбап маалымат технологияларын «ИРБИС» автоматташтырылган маалыматтык-китепканалык системанын базасында киргизет: электрондук каталог түзүлдү, китепкана персоналы үчүн автоматташтырылган жумушчу орундар уюштурулган. Китепкана Академиянын локалдык тармагына кошулуп, КГЮАнын билим берүү порталына, чет өлкөлүк билим берүүчүлүк дайындар базасына жеткиликтүүлүктү берет, ошондой эле китепканага түшкөн документтердин бардык түрлөрүн автоматташтырылган иштетүүдөн өткөрөт. 

Ар жылы 27-майда өткөрүлгөн Кыргызстандын Китепканалар күнүнүн урматына биздин китепкана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн инновациялык усулдарын ийгиликтүү киргизгендиги, дүйнөлүк маалымат ресурстарына жеткиликтүүлүктү бергендиги, ошондой эле академиянын коомдук иштерине активдүү катышкандыгы жана китепкана фондусун бекемдегендиги үчүн 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин АРДАК ГРАМОТАСЫ менен сыйланган.

2015-жылы илимий китепкананын 2 кызматкери искусство жана маданияттын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин АРДАК ГРАМОТАСЫ менен сыйланган.  

КГЮАнын китепканасы Кыргызстандын Китепканалык-маалыматтык Консорциумунун мүчөсү болуп саналат жана «Диссертациялардын авторефераттарынын корпоративдик репозиторийин түзүү» долбооруна катышат(КРАД) (2010-ж.) (http://www.krad.bik.org.kg). Аны менен катар Электрондук китепканалардын ассоциациясынын мүчөсү (Kyrlibnet http://kyrlibnet.kg) (2013-ж.). ЭКАнын негизги максаты Кыргызстандын университеттеринин илимий китепканаларынын кызматташтыгы үчүн бирдиктүү тармакты түзүү, документтерди, окутуу борборлорунун электрондук документациясын жана материалдарын жеткирүү боюнча биригелешип аш алып баруу.

Илимий китепкананын түзүлүшү:

  • Заманбап маалымат технологиялары боюнча сектору.
  • Резервдик-алмашуу фонду.
  • Адабияттарды топтоо жана иштетүү.
  • Маалыматтык-сурап билүү залы.
  • Китепканалык-маалыматтык кызмат сектору.
  • Абонемент жана №1 окуу залы. 
  • Окуу залы (№ 2 корпус).
  • Абонемент жана ЮКдагы окуу залы.
  • Китепканалардын алыстан мүмкүндүк алуу сектору.
  • ЫЮФ китепканасы
  • ТЮФ китепканасы
  • НЮК китепканасы

Топтоо

Академиянын китепкана фондусу кесиптик билим берүү программасынын, илимий изилдөөлөрдүн профилиние жана окурмандардын маалыматтык талаптарына ылайык калыптанат.

Академиянын ар бир окутуучусу жана кызматкери китепкана фондусун илимий жана окуу басылмалары менен топтоого катыша алат. Жаңы басылмалар тууралуу маалыматты басмалардын сайттарында жана китеп сатуу уюмдарынан тапса болот

Китепканага алына тургандар:

илимий мүнөздөгү басылмалар (монографиялар, макалалардын жыйнагы, конференциянын материалдары ж.б.) 1-3 нускада.

маалымдама мүнөзүндөгү басылмалар (маалымдамалар, сөздүктөр, энциклопедиялар) 1-5 нускада.

окуу процессин камсыздоо үчүн окуу китептери жана окуу куралдары – КР Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен ЖОЖдордун  окуу адабияты менен камсыздалышынын ченемдери жана студенттердин контингенти (негизги адабият үчүн бир студентке 0,5 коэффициент, кошумча адабият үчүн бир студентке 0,2-0,25 коэффициент пайдаланылат), ошондой эле Академиянын китепкана фондусунда ошол дисциплина боюнча окуу басылмаларынын болушу менен белгиленген санда.

Тапшырыкты кантип кылуу керек:

Тапшырыкты тариздөө үчүн белгиленген үлгүдө адабиятты алууга өтүнмөнүн бланкын толтуруу керек.

Окуу билети

Бардык студенттер (керектөөчүлөр) китепканада окуу үчүн окуу билетин көрсөтүшү керек.

Студент башка адамга окуу билетин берүүгө укугу жок.

Эгер окуу билети жоголуп кетсе, китепканачыга тезинен окуу билетинин жоголгондугун билдирүү керек.

Эгер окуу билети биринчи жолу жоголсо, студент 50 сом өлчөмүндө айып төлөйт, экинчи жана кийинки жоголгондо 100 сом.

Абонемент

Үйдө пайдалануу үчүн жергиликтүү басылмалар (китептин санына жараша) 1-3 күнгө берилет.  

Китептерди колго берүү 14.00дөн кийин болот. 

Россия басылмаларынын китептери, энциклопедиялар, сөздүктөр, CD/DVD дисктер менен окуу залында гана пайдаланса болот. 

*Өтө сейрек учурларда тиражы аз жергиликтүү басылмалар студентке түнкүгө (16.00дөн кийин) берилиши мүмкүн. Бул учурда ошол басылмалар кийинки күндүн 9.00 дөн кечиктирилбестен кайтарылып берилет

Узартуу

Адабият башкалар тарабынан суроо-талапка ээ болбосо, студент китепти пайдалануунун мөөнөтүн узартууга мүмкүндүгү бар.  

Белгиленген мөөнөттө китепти кайтарып бере албасаңар, 392094 телефону же ualibrary@mail.ru электрондук дареги менен узартып ала аласыңар.

Айыптар

Китепкана материалдары белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбестен кайтарылып берилиши керек.  

Эгер студент китепти мөөнөтүндө тапшырбаса, ага айып салынат.

Кайтаруу мөөнөтүн бузуу:

Абонементтен алынган китептерди кечиктирсе

 

нуска/күн

 

3-00

Адабиятты тариздебестен алып чыгуу Док 25-00
Китепти жоготкондугу үчүн айып 1 нуска

5 эсе көп 

акы төлөнөт

КГЮАны бүткөн карызы барлар (китепти тариздеген күндөн баштап, аларды китепканага кайтарган күнүнө чейин). Док / жыл 250-00

* Китепкана фондусунан китептер же башка материалдар жоголгон учурда, өтүнүч, бул туурасында тезинен китепканачыларга билдиргиле.

Китепкана жана жеке компьютерлерди пайдалануу:

Компьютерлер билим берүү максаттарында гана пайдаланылат.

Билим берүү порталына, онлайн каталогдорго жана китепкананын электрондук каталогдоруна жеткиликтүүлүк үчүн. 

Жеке сүрөттөрдү жана видеолорду көрүүгө жол берилбейт.

Бул маанилүү!

 

Студент башка адамга китепкана материалдарын бербеши керек.

Китепти каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүшү керек.

Китепке эч кандай жазуларды жазбоо, тытпоо жана барактарын бүктөбөө керек.

Китепти үйгө алып кетүү үчүн тариздөөдө анын бүтүндүгүн (тытылган же барактары жок) текшерип алгыла. Антпесе, китептин жараксыздыгы үчүн жоопкерчилик силерге жүктөлөт.  

Үйдө колдонуу үчүн алган бардык материалдарды окуу жылынын аягына чейин (1-июнга чейин) кайтаруу керек. 

Окуу билетин китепканага калтырбагыла

Жеке жүрүм-турум эрежелери 

Өтүнүч, китепканада акырын окуңуз.    

Окуу залында группалык дискуссияларга же жолугушууларга жол бербеңиз.

Мобилдик телефондорду пайдаланбагыла.

Өтүнүч, сырт кийимдериңерди гардеробго тапшыргыла. 

Тамак-аш жана ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат.

Ар бир айдын акыркы ишембиси – САНИТАРДЫК КҮН!

«КМЮА ЖАРЧЫСЫ» ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК ЖУРНАЛЫ

«КМЮА Жарчысы» 2004-жылы негизделген КГЮАнын расмий мезгилдүү басылмасы. Журнал Эл аралык Дүйнөлүк мезгилдүү басылмаларды каттоо борбору тарабынан катталган, индекс ISSN 1694-5344. 

«КМЮА Жарчысы» илимий-методикалык журналдын негиздөөчүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети болуп саналат, журнал 2004-жылы негизделген.

«КМЮАнын Жарчысы» КГЮАнын илимий-методикалык системасынын бөлүгү катары төмөнкү милдеттердин чечилишине катышат:

  • профессордук-окутуучулук курамдын, аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн илимий-изилдөө жана методикалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чагылдыруу;
  • илимдин алдыңкы жетишкендиктерин окуу процессине киргизүү үчүн илимий потенциалды чыгаруу; 
  • диссертациялык изилдөөлөрдүн сапатын, илимий иштерди экспертизалоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшкөн ачык илимий полемиканы түзүү;
  • кафедралардын изилдөөчүлүк жаматтарынын илимий проблематикасын чагылдырууда айкындуулукту жана ачыктыкты камсыздоо. 

 

“КМЮА Жарчысында” ЖОЖдордун илимий-изилдөө ишмердүүлүгүндѳ көрсөтүлгөн билим тармактарынын актуалдуу көйгөйлөрүн чагылдырган, ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын билим берүү ишмердүүлүгүнө киргизүүгө багытталган оригиналдуу илимий материалдар; мыйзамдарды өркүндөтүү, укук колдонуу практикасын, мыйзам чыгаруу процессин өркүндөтүү, жогорку билим берүү жаатындагы адистерди даярдоодогу жаңылыктарды чагылдырган макалалар; мыйзам долбоорлорун, илимий докладдарды талдоо менен макалалар жарыяланат.

Башкы редактору:

Рысмендеев Б.Дж. – Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин ректору, ю.и.д., профессор.

Башкы редактордун орун басары:

Кочкарова Э.А.  – КГЮАнын аспирантура, докторантура жана илимий ишмердүүлүктү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, ю.и.д., профессордун м.а.

Редакциялык кеңеш:

Керезбеков К.К. – КР Жогорку Кеңешинин депутаты ю.и.д, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи

Сартаев С.С. – Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин мамлекет жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын ардактуу башчысы, РК УИАнын академиги, ю.и.д., професор.

Баймаханов М.Т. – Казак гуманитардык-юридикалык университеттин профессору, РК УИАнын академиги, ю.и.д., професор.

Курманов К.Ш. – КГЮАнын жазык укугу кафедрасынын профессор-консультанты, ю.и.д., профессор.

Ударцев С.Ф. – Казак гуманитардык-юридикалык университетинин укуктук саясат жана конституциялык мыйзам ИИИнин директору, ю.и.д., профессор.  

Копабаев О.К. – Д. А. Кунаев атындагы Евразия юридикалык академиясынын ректору, ю.и.д., профессор.

Дмитриенко И.А. – КГЮАнын окуу иштери боюнча проректору, ю.и.д., профессордун м.а.

Ким О.Д. – КГЮАнын илимий-консультациялык комитетинин жетектөөчү илимий кызматкери (кеңешчи), ю.и.д., профессор.

Осмоналиев А.О. – КГЮАнын экономика жана башкаруу кафедрасынын профессорунун м.а., э.и.к., доцент.

Редакциялык коллеги:

Ибраимов Р.Т. – декан Судебно-прокурорского факультета, к.ю.н., доцент.

Джумалиев Д.С. – декан факультета Адвокатуры и юстиции КГЮА, к.ю.н., и.о. доцента

Жакыбакунов Э.Т. – декан факультета Права и предпринимательства КГЮА, к.ю.н., доцент

Найманбаев А.Б. – декан Международно – правового факультета КГЮА, к.ю.н., и.о.доцента

Омурова Ж.Н. – декан факультета Управления и права КГЮА, к.э.н., доцент.

Абдрасулов С.М. – зав. кафедрой философии и социально-гуманитарных наук КГЮА, к. филос. н.

Эсенбекова А.Т. – зав. кафедрой уголовного права КГЮА, к.ю.н, и.о. доцента

Мусабаева Н.А. – зав. кафедрой земельного,

аграрного и экологического права КГЮА, к.ю.н., доцент

Алишева А.Б. – зав. кафедрой гражданского и семейного права КГЮА, к.ю.н.

Негиздөөчү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы.

Жазылуу индекси: 77358

Дареги: Инд.720001,

Бишкек ш., Чүй пр., 180 а

Телефондор: 0(312)392102

Журнал Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

Журналдын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү №927.

«КМЮА Жарчысы» журналы Кыргыз Республикасында диссертациялардын негизги илимий жыйынтыктарын жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын басылмаларынын Тизмесине киргизилген.

Номерге жарыяланган материалдарга бардык укуктар «КМЮА Жарчысы» журналына таандык. 

Журналга жарыяланган материалдарды кайра басып чыгаруугв редакциянын жазма макулдугу менен гана жол берилет.

Жарыялана турган материалдын илимий-теориялык деңгээлине жана изилдөөнүн оригиналдуулугуна, келтирилген фактылардын, статистикалык дайындардын, энчилүү аттардын жана башка маалыматтардын тактыгына, ошондой эле ачык жарыялоого жатпаган материалдарга жоопкерчилик авторго (авторлорго) жүктөлөт.  

Редакциянын пикири автордун пикири менен дал келбейт.

Журнал ар квартал сайын чыгат.

СЕЙРЕК КЕЗДЕШҮҮЧҮ ФОНД

Биздин китепкананын фондусунда библиографиялык жактан сейрек кездешкен жана дүйнөнүн ири китепканаларында да бирден нускада болгон раритеттик басылмалар бар. 

Meners Konoersations – Lexikon: Buch 2-10, 12-15,17. Chemille bis Diogelstedt. fünfte, gänslidj neuberarbeitete auflage .- Leip iq ; Wien: Bibliographisches Institut,1893-1897;

Толковый словарь Мейера. В 17-и томах, Книга 2-10,12-15,17. 5-е переизд. – Лепциг, Вена: Библиографический институт, 1893-1897. (на немецом языке)

Lessings Werke  Buch 1 –  5.  Gedichte und Lustspiele / Frans Bornmuller… – Leip iq; Wien: Bibliographisches Institut, 1907.  (на немецком языке)

Лессинг. Произведения: В 5 томах.Т.1-5. – Лейпциг, Вена:Библиографический институт,1907;

Schillers Werke  Buch 2.- 4,  6-8 / Dramen in Prosa / Ludmig Bellermann… – Leip iq ; Wien: Bibliographisches Institut, 1907. (на немецком языке)

Шиллер Произведения: В 8–итомах. Т.2-4,6-8. – Лейпциг, Вена:Библиографический институт,1907;

Chafespeares Dramatische Werke  Buch 1 -10. Konigs-dramen… – Leip iq; Wien : Bibliographisches Institut, 1907.  (на немецком языке)

Шекспир Драматические произведения:В 10-и томах. Т.1-10. – Лепциг, Вена: Библиографический институт,1907.

Колокол. Газета А.И.Герцена и П.П.Огарева: Выпуск 1-10. 1857-1867 гг.  – Москва-Ленинград: Изд.АН СССР,1961. (факсимильное воспроизведение)

МЕЗГИЛДҮҮ БАСЫЛМАЛАР

Мезгилдүү басылмалар
КГЮАнын ИКнын 2016-жылдын I жарым жылдыгына жазылган газета-журналдары     

Гезиттин аттары Названия газет
1 Азия ньюс АИФ-Кыргызстан
2 Алиби Вечерний Бишкек
3 Жаңы Агым Дело №
4 Де-факто Комсомольская правда
5 Кут билим МСН
6 Кут билим  Сабак Общественный рейтинг
7 Кыргыз тили Слово Кыргызстана
8 Кыргыз Туусу Экономика, Бизнес, Банки
9 Тил жана маданият  
10 Учур  
11 Фабула  
23 Эркин  Тоо  

Спорт жана ден соолукту чыӊдоо лагери 

«Дельфин» спорт жана ден соолукту чыӊдоо лагери Ысык-Көлдүн жээгинде (Бишкектен 226км аралыкта) Чок-Тал айылында жайгашкан. «Дельфин» спорт жана ден соолукту чыӊдоо лагеринде унаа токтотуучу жайы, сейилдөө жана эс алуу жайлары бар. Эс алууга ыӊгайлуу заманбап инфраструктурасы: футбол, волейбол аянтчасы, бильярд каралган. Улуттук Ордо оюнун ойноого жана балдар үчүн аянтча ылайыкташтырылган. «Люкс» жана «жарым люкс» бөлмөлөрү үй тиричилик техникасы, ашкана эмеректери менен камсыздалган. Кабелдик телевидение жана жеке ысык суу кошулган «Дельфин» спорт жана ден соолукту чыӊдоо лагеринде конференция өтүүгө шарттар түзүлгөн. Бардык керектүү, заманбап техника менен камсыздалган 40 адамга ылайыкталган конференц-зал бар. Жаӊы, заманбап пирстен секирүүгө, балык уулоого жана яхта үчүн мүмкүнчүлүктөр каралган.

Таза кумдуу, шезлонг жана эс алууга бардык шарттары бар пляж көл жээгиндеги эӊ мыкты пляждардан болуп саналат. 100 адамга ылайыкталган ашкана, даамдуу жана ар түрдүү тамактар тартууланат. Коопсуз жана ыӊгайлуу эс алуу үчүн «Дельфин» спорт жана ден соолукту чыӊдоо лагеринин аймагы жеке коопсуздук кызматы менен корголот.