Monday, January 31st, 2022.

Дене тарбия жана спорт кафедрасы

Кафедрабашчысы: Каштабаев А.М.

Телефон: 0500 835412

Кафедра жөнүндө маалымат

Кафедра университеттин бардык институттарында «Дене тарбия» дисциплинасы боюнча окуу процессин камсыз кылат.

   Кафедранын кызматкерлери окуу жылы бою спорттун түрлөрү боюнча курама командалар менен машыгуу процессин үзгүлтүксүз жүргүзүп турушат.

Негизделген датасы

Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинин Дене тарбия жана спорт кафедрасы 2019-жылы жаштар иштери, эстетикалык тарбия жана дене тарбия боюнча борбордун бөлүнүшүнүн натыйжасында түзүлгөн.

Мугалимдердин саны

Бүгүнкү күндө кафедрада 8 окутуучу эмгектенет.

Бөлүмдүн ишмердүүлүгү

Кафедра тарабынан бекитилген спорттук иш-чаралардын иш планына ылайык (ар бир окуу жылына) Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин студенттери жана кызматкерлери арасында спорттук иш-чаралар өткөрүлөт, ошондой эле студенттер жана университеттин кызматкерлери үчүн «Ден-соолук» комплекси ишке ашырылат. Кафедранын кызматкерлери ден соолугуна байланыштуу дене тарбия сабагынан бошотулган студенттер менен жекече иш алып барышат.

Кафедранын профессордук-окутуучуларынын курамы

Кафедранын окутуучулар курамы:
1. Каштабаев Абдилатип Махмуджанович – кафедра башчысынын милдетин аткаруучу, ага окутуучу
2. Анкудинова Анжелика Викторовна — старший мугалим
3. Ташбеков Абубакир Абдумаликович – улук окутуучу
4. Грищенко Сергей Васильевич — старший окутуучу
5. Кобошов Бакытбек Бекболотович – улук окутуучу
6. Пушнякова Ирина Павловна — мокутучуу
7. Отогонов Асанбай Ишенбекович – окутучуу
8. Арынаалиев Мирбек Асанаалиевич – окутуучу.