Кафедра жөнүндө маалымат
Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер кафедрасы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КГЮА) окуу, окуу-методикалык жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн, студенттердин арасында окуудан сырткары иш алып баруучу, жогорку билимге ээ адистерди даярдап жана кайра даярдоочу, ошондой эле 530500 – Юриспруденция, 580100 – Экономика, 580900 – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, 710300 – Прикладдык информатика багыттары боюнча , 530002 – Соттук экспертиза, 530004 – Бажы иши кесиптиктери боюнча жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоочу
окуу-методикалык жана илимий бөлүмү болуп эсептелинет.
Негизделген датасы
«Философия жана социалдык-гуманитардык сабактар» кафедрасы 2003-жылдын 30-сентябрь айында КМЮАнын Окумуштуулар Кеӊешинин чечими менен түзүлгөн.
2005-2006-окуу жылынын сентябрь айынан баштып «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасы деп аталат.
Мугалимдердин саны
Штаттагы окутуучулар:
1.илимдин кандидаты, доцент -1
2.илимдин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу -3
3.ага окутуучу – 1
4.окутуучу – 2
Бөлүмдүн ишмердүүлүгү
Кафедранын окутуучулары социалдык-гуманитардык циклдеги сабактардын өтүлүшүн камсыз кылышат: Кыргызстандын тарыхы, Манас таануу, философия, юридикалык логика, педагогика жана психология, маданият таануу, социология жана саясат таануу, укук философиясы, укук социологиясы, илимий изилдөөлөрдүн методологиясы.
Кафедранын профессордук-окутуучуларынын курамы
- Абдрасулов Саветбек Мисиркулович – кафедра башчысы, философия илиминин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу.
- Аалиева Нурзат Карыбековна – философия илиминин кандидаты, доцент.
- Булекбаев Азизбек Мыктыбекович- окутуучу.
- Жаркынбаева Гулкайыр Таалайбековна – окутуучу.
- Макенбаева Гульмира Джээнбековна – тарых илиминин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу.
- Отомбаева Сагын Ниязбековна – ага окутуучу.
- Эсенаманова Нургуль Сатындиевна – философия илиминин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу.
Сыйлыктары
Жыл сайын өткөрүлүүчү конкурстун жыйынтыгы менен, 2015-2016 окуу жылы үчүн «Жакшы кафедра» Ардак грамотасы