Кафедра башчысы: ю.и.к., доценттин м.а. Казакбаев Медетбек Кубатбекович
E-mail: tigp.ksla@gmail.com
Адрес: Чүй проспекти 180 А, 210-каб.
Кафедра жөнүндө маалымат
Мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасы 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КМЮА) түптөлгөндө түзүлгөн. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарыхый-теориялык илимдер циклинин дисциплиналарын окутууну камсыз кылат. Акыркы жылдары кафедрага таланттуу жаш окутуучулар кошулуп, аларга улуу муундун өкүлдөрү тажрыйбасын жана билимин бөлүшүп келишет. Кафедра окутуу методикасын такай өркүндөтүп, илимий иш-чараларды активдүү жүргүзүп турат.
Негизделген датасы
Мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасы 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (КМЮА) түптөлгөндө түзүлгөн.
Мугалимдердин саны
Бүгүнкү күндө кафедрада 14 окутуучу эмгектенет, анын ичинен 1 илимдин доктору жана 3 юридикалык илимдердин кандидаты.
Бөлүмдүн ишмердүүлүгү
- Профессордук-окутуучулук курамынын окуу-методикалык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү;
- Студенттердин инсандык чыгармачыл потенциалын жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү максатында билим берүү технологияларын өркүндөтүү;
- Студенттер арасында тарбия иштерин жүргүзүү;
- Кафедранын профилинин негизинде илимий изилдөө иштерин жүргүзүү;
- Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;
- Кафедрага бекитилген дисциплиналар боюнча окуу-методикалык куралдарды иштеп чыгуу.
Кафедранын профессордук-окутуучуларынын курамы
Кафедраны белгиленген тартипте ылайык дайындалган кафедра башчысы жетектейт. Кафедрада окуу процессин квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы жүргүзөт:
- кафедра башчысы: ю.и.к., доценттин м.а., М.К. Казакбаев
- профессор, ю.и.д., И.А. Дмитриенко
- ю.и.к., доценттин м.а., А.А. Дононбаева
- ю.и.к., ага окутуучу К. Б. Куватпеков
- ага окутуучу М.Б. Махмуд Мохамед
- ага окутуучу Д.М. Такырбашева
- ага окутуучу Н.Т. Тынаева
- ага окутуучу О.А. Бегиев
- окутуучу Б.Н. Абдурахманов
- окутуучу Ш.Д. Алимова
- окутуучу Ш.З. Жакыпджанова
- окутуучу Ш.А. Каримбердиева
- окутуучу Советбек уулу А.
- окутуучу Ш.Э. Шейшеева