Saturday, January 15th, 2022.

Конфуций Классы

КГЮАдагы Конфуций классын ачуу төмөнкү төмөнкү кырдаалдарга байланыштуу негизделген:

Юридикалык академияда атайын адистештирилген «Кытай укугу» боюнча кытай тилин билген жана Кыргызстан жана Кытай мамлекетинин мыйзамдары боюнча адистерди даярдоо.

2006-жылы укук жана ишкердик факультетинин базасында «Кытай укугу» адистигине студенттер кабыл алынган. Ал эми 2011-жылы аталган адистик Эл аралык укук факультетине өткөрүлүп берилген. 

Бул адистик Кытай жана Кыргызстанда ишкердик кылган жана башка иш менен иштеген адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, юридикалык коштоо үчүн кытай тилин билген юристтерди даярдайт. 

«Кытай укугу» багытын өнүктүрүү максатында 2011-жылы 15-февралда БГУдагы Конфуций институтунун колдоосу аркылуу КМЮАда кытай тилин үйрөтүү Классы ачылган. Расмий ачылышында КЭРдин толук жана ыйгарым укукту өкүлү Ван Кайвэнь катышкан.

2013-жылдын сентябрь айында кытай тилин үйрөтүү боюнча Класс КГЮАнын алдындагы «Конфуций классы» деген статуска ээ болду. Расмий статусту ыйгаруу иш-чарасында КЭРдин Жогорку элдик прокуратурасынын Генералдык прокурордун орун басары Кэ Ханминь мырза жана КЭРдин Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери катышты.

Конфуций Классында кытай тили боюнча Синьцзян университетинен келген ыктыярчылар тарабынан университеттин окутуучулары жана студенттерине курстар өтүлүп жатты. Академияда кытай тили боюнча Башкы прокуратуранын, бажы кызматынын, чек ара кызматынын кызматкерлерине курстар уюштурулган.

«Кытай укугу» адистигинин студенттери жыл сайын өткөрүлгөн сынактарга катышып турат. Алар: жыл сайын өткөрүлүп туруучу кытай тили боюнча ораторлук чеберчилик; кытай маданияты боюнча сынак. 2011-жылы Эл аралык укук факультетинин студенткасы Ж. Турсуналиева кытай ырын аткаруу боюнча ЖОЖдор аралык сынактан биринчи орунду алган.

 КГЮАнын студенттери Конфуций институту өткөрүп жаткан кытай тили боюнча сынактарга катышып, мыкты жыйынтыктарды көргөзүп келет. 

КЭРдеги окуу жайлар менен кызматташтыктын натыйжасында, КГЮАнын 5 студенти кытай окуу жайларында стипендиялык программа боюнча Аньшань педагогикалык университетинде 3, Гуаньчжоу шаарындагы Түштүк-Кытай педагогикалык университетинде 2 студент тилдик стажировкадан өтүшкөн. 

5 студент Аньшань жана Ляочэн шаарларында стипендиялык программа боюнча тилдик практикадан өтүшкөн.

Конфуций институтунун «Кытай укугу» багытындагы мугалимдер жыл сайын Кытайдан квалификациясын жогорулатуу боюнча курстардан өтүп келишет. 

2012-жылы «Кытай укук таануусу» боюнча китепкана базасы толтурулган. КЭРдин мыйзамдары боюнча кытай жана орус тилдеринде китептер сатып алынган.  Конфуций институту жана Кытайдагы кызматташ окуу жайлардын жардамы менен кытай  лингвистикасы жана укугу боюнча китеп фонду жылдан жылга толукталып турат.

Конфуций классы КГЮАнын башкы корпусунда, Чүй көчөсү 180 А, 409-аудиторияда жайгашкан.

КГЮАнын кытай тили жана маданияты боюнча Конфуций Классында төмөнкү программалар ишке ашат:

Кытай тили боюнча программалар:

    • Кытай тили (базалык деңгээл) 汉语 (初级)
    • Кытай тили (орто деңгээл) 汉语 (中级)
    • Кытай тили боюнча оозеки практикуму (баштапкы деңгээл) 汉语口语强化班 (初级)
    • Кытай тили боюнча оозеки практикум (орто деңгээл) 汉语口语强化班 (中级) (сабакты тилди алып жүрүүчүлөр өтөт)
    • HSK сынагына даярдык (1,2,3 деңгээл) (HSK 培训班: 1,2,3 级)
    • Каталарды, тапшырмаларды анализ кылуу жана чечмелөөчү имитациялык HSK тести (HSK模拟考试与学生偏误分析) 
  • Кытай маданияты боюнча программалар:
  • Каллиграфия (书法)
  • Тайцзицюань кытай искусствосут(太极拳)

КГЮАдагы Конфуций классы Кытай маданиятын жана тилин коомчулукка кеңири таратуу боюнча иш-аракетти алып баруу максатынан тышкары кытай тили боюнча юридикалык жана Кытайдагы ЖОЖдор жана илимий мекемелер менен карым-катышты түзүү боюнча иштерди алып барат.

Кытай тили боюнча адистештирилген курстар

  • Укук коргоо органдарына кытай тили боюнча курстар
  • Окутуучулар үчүн курстар 

СТИПЕНДИЯЛЫК ПРОГРАММАЛАР

Чет өлкөлүк студенттер билим алып жаткан дүйнө мамлекеттеринин ичинен Кытай 6-сапта турат. Кытайдын окуу жайларында дүйнөнүн 188 өлкөсүнөн жана аймактарынан келип окушат.

КЭРдин Билим берүү министрлигинин адистеринин пикиринде Кытайда билим алып жаткандардын көбөйүшү Кытай ЖОЖдорунун сапатынын жогорулашы менен тыгыз байланышта. Азыркы учурда Кытай менен билим берүү жана окумуштуулук даражалар жөнүндө документтерди өз ара таануу жөнүндө макулдашууларга дүйнөнүн 32 өлкөсү жана аймактары, анын ичинде Кыргызстан да кол койду.   

Көптөгөн чет өлкөлүк студенттерди тартуу үчүн Кытайда стипендияларды төлөп берүүнүн масштабдуу схемасы ишке кирди: кытайдын мамлекеттик стипендияларын алгандардын саны 10миңден ашты. Андан тышкары, айрым жергиликтүү өкмөттөр, университеттер жана ишканалар чет өлкөлүк студенттерди тартуу үчүн жеке стипендияларын негиздешкен.     

«Конфуций Институтунун» стипендиясы кытай тилин жана кытай маданиятын үйрөнүп жаткан адамдарды, аны менен катар кытай тили боюнча окутуучуларды жана кытай таануучуларды сыйлоо максатында кытай тилин чет өлкөдө жайылтуу боюнча Башкы канцелярия тарабынан дайындалат жана берилет.  

Конфуций Институтунун стипендиясынын түрлөрү жана ага ылайык талаптары

Конфуций Институтунун стипендиясы үч категорияда ыйгарылат:

1) «Кытай тили» адистиги боюнча магистратурада окуу үчүн стипендия;

2) Кытайда бир жылдык мөөнөттө билим алуу үчүн стипендия;

3) Кытайда бир семестрлик  мөөнөттө билим алуу үчүн стипендия.

Стипендияга кытайлык жарандыгы жок, 16-35 жаштагы адамдар, ошондой эле жашы 45тен улуу эмес кытай тилинен окутуучулар талапкер боло алат.

Кытайда бир окуу жылынын аралыгында билим алуу үчүн стипендия «Конфуций Институтунда» мыкты окуп жаткан, НSK жана HSKK сынагын ийгиликтүү тапшырган адамдарга, студенттер жана окуучулар арасында кытай тили боюнча эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрүнө, кытай тили адистигинде окуп жаткан отличник студенттерге, кытай тили окутуучуларына жана андан ары кытай тили мугалими болуп иштегиси келгендерге берилет. 

Стипендиянын бул категориясына талапкерлер «Конфуций Институтунда» 120 академиялык сааттан кем эмес окуп же HSK үчүнчү деңгээлде 180 баллдан кем эмес, HSKK 60 баллдан кем эмес алышы керек. HSK жана HSKK тапшырган талапкерлерге стипендияга талапкерлигин тастыктоого кошумча артыкчылыктар берилет.     

 Кытайда бир окуу семестринин аралыгында билим алуу үчүн стипендия «Конфуций Институтунда» мыкты окуп жаткан, НSK жана HSKK сынагын ийгиликтүү тапшырган адамдарга, студенттер жана окуучулар арасында кытай тили боюнча эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрүнө, «Кытай тили» адистигинде окуп жаткан отличник студенттерге, ошондой эле кытай тили окутуучуларына берилет. Стипендиянын бул категориясына талапкерлер «Конфуций Институтунда» 60 академиялык сааттан кем эмес окуп же HSK үчүнчү деңгээлде 120 баллдан кем эмес, HSKK 40 баллдан кем эмес алышы керек. HSK жана HSKK тапшырган талапкерлерге стипендияга талапкерлигин тастыктоого кошумча артыкчылыктар берилет.

 «Конфуций институтунун» стипендиясынын курамы жана өлчөмү

  1. Акысыз окутуу, окуу китептери, жашап туруу жана амбулатордук дарылануу.
  2. Окуу үчүн жыл же семестр аралыгында ай сайын 1400 кытай юаны өлчөмүндө стипендия төлөп берүү.
  3. Кабыл алуучу университетке келгенде бир семестрден бир жылга чейин 1000 кытай юаны жана бир жылдан ашык мөөнөткө 1500 кытай юаны өлчөмүндө бир жолку төлөм.
  4. Кытайда жалпы камсыздандырууну берүү.

Сунуштоочу уюмдар

Стипендия алууга талапкер адамдар төмөнкү уюмдар аркылуу өтүнмө бере алышат:

  1. Дүйнөнүн ар башка мамлекеттериндеги КЭРдин элчилигинин же консулдугунун билим берүү (маданият) иштери боюнча бөлүмдөрү.
  2. Дүйнөнүн ар башка мамлекеттериндеги «Конфуций Институттары».
  3. Стипендиаттарды окууга кабыл алуучу университеттер. 
  4. Кытай тилин чет өлкөгө жайылтуу боюнча Башкы кеңсенин ыйгарым укуктуу башка уюмдары жана түзүмдөрү (Ханьбань).

Стипендия алууга өтүнмө берүү тартиби

Талапкерлер http://cis.chinese.cn сайтына катталып, он-лайн анкета-өтүнмө толтурат, аны чыгарып, басылып чыккан анкетага өзүнүн кол тамгасын коет да, башка документтер менен көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин сунуштоочу уюмга жибериши керек.

Сунуштоочу уюм конкурстук негизде өтүнмө бергендердин ичинен мыкты талапкерлерди тандоону жүргүзөт, тандоодон өткөн талапкерлердин документтерин кабыл алуучу университетке кароо үчүн өткөрүп берет. Кабыл алуучу университет тийиштүү убакытка чейин кароонун жыйынтыктарын Ханьбанга жиберип, ал стипендиаттардын статусун аныктайт жана стипендия төлөп берүү жөнүндө акыркы чечимин кабыл алат. 

 Талапкер конкурстун жыйынтыктары жана стипендия ыйгаруу тууралуу «Хайбань» сайтынан үстүдөгү жылдын 16-июнунан тартып тааныша алат. 

 Кабыл алуучу университет сунуштоочу уюмга үстүдөгү жылдын 1-июлуна чейин «Университетке өткөндүгү жөнүндө Билдирме», «Каттоо жөнүндө эскертме» жана «Чет өлкөлүк студенттерге виза тариздөөгө анкета -өтүнмө» (JW202) жиберет. Сунуштоочу уюм бул документтерди стипендияга укук алган талапкерлерге берет. 

Керектүү документтер

Стипендия алууга талапкер адамдар төмөнкү материалдарды берүү керек:  

  • «“Конфуций Институтунун” стипендиясын алууга анкета-өтүнмө». Анкета-өтүнмө сайтта толтурулат жана катталышы керек, басып чыгарылып, колу коюлат.
  • Чет өлкөлүк паспортунун сүрөтү бар барагынын көчүрмөсү.
  • HSK, HSKK сынактарынын жыйынтыктары.
  • Алган жогорку билими жөнүндө дипломунун нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү же ЖОЖдо окуп жаткандыгы тууралуу маалымкаты.
  • 18 жашка чыга элек жактар өтүнмө берүүдө стандарттык документтерге Кытайдын территориясында расмий ишеним берилген камкорчу жөнүндө тийиштүү юридикалык документтер тиркелет.
  • Кытай тили боюнча эл аралык конкурстардын жеңүүчүлөрү сыйлоо жөнүндө документтердин көчүрмөсүн берет.
  • Кытай тили окутуучулары иштегендиги жөнүндө тастыктоочу документтерди жана жумуш ордунан сунуштама катын берет.
  • Кабыл алуучу университет талап кылган башка документтер.

«Конфуций Институтунун» стипендиясы тууралуу толук маалымат http://cis.chinese.cn сайтында жайгашкан.

КЭРдин стипендиясынын башка түрлөрү менен таанышыңыздар.

Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттер үчүн Кытай белгилеген стипендиялар кытай өкмөтүнүн, жергиликтүү бийлик органдарынын, ЖОЖдордун, ишкана жана чет өлкөлүк өкмөттөрдүн стипендияларын өзүнө камтыйт. 

  1. КЭРдин Өкмөтүнүн стипендияларынын түрлөрү

КЭРдин Өкмөтүнүн стипендиясы кытай ЖОЖдорунда чет өлкөлүк окуп жаткандар үчүн тийиштүү өкмөттөр, мекемелер, окуу жайлар жана эл аралык уюмдар менен билим берүүчүлүк алмашуу боюнча макулдашууларга ылайык КЭРдин Агартуу министрлиги тарабынан берилген стипендиялык программалар болуп саналат.  

КЭРдин өкмөтүнүн стипендияларынын түрлөрү жана өтүнмөнү кандай берүү керек

  1. КЭРдин Өкмөтүнүн стипендиясы

Бул стипендия формасы боюнча кытай ЖОЖдорунда чет өлкөлүк окуп жаткандар үчүн толук же толук эмес болуп саналат. Ал тийиштүү өкмөттөр, мекемелер, окуу жайлар жана эл аралык уюмдар менен билим берүүчүлүк алмашуу боюнча макулдашууларга ылайык КЭРдин Агартуу министрлиги тарабынан берилген стипендия. Бул стипендияны чет өлкөлүк студенттер, магистрлер, докторлор, кытай ЖОЖдорунда кытай тилин окуп жаткандар алат. Өтүнмө берүүчү кызыкдар болгон өкмөттүк тармактарга, органдарга, өзүнүн мамлекетинин ЖОЖдоруна же ошол мамлекеттердин аккредитацияланган кытай элчиликтерине (жетектөөчү консулдуктарга) өтүнмө берет.      

  1. 2. КЭРдин өкмөтүнүн «Улуу дубал» стипендиясы

Бул стипендияны ЮНЕСКОнун кытай ЖОЖдоруна жиберилгендер гана алат. Өтүнмө берүүчү өзүнүн мамлекетинин ЮНЕСКОнун подкомиссиясына же ЮНЕСКОнун штабына өтүнмө бериши керек. 

  1. Өзгөчөлөнгөн окуучулар үчүн стипендия

Бул стипендияны кытай ЖОЖдорунда окуудагы эң жогорку жыйынтыктары менен өзгөчөлөнгөн чет өлкөлүк магистрлер жана докторлор алат.  Өтүнмө берүүчү Кытайда окуп жаткандар үчүн стипендиялык фондду тескөө боюнча Мамлекеттик комитетке өзүнүн ЖОЖнун сунуштамасы аркылуу өтүнмө бериши керек.

  1. HSK жеңүүчүлөрүнүн стипендиясы

Бул стипендия Кытайдын Агартуу министрлиги тарабынан Кытайда тилдик стажировка өтүп жаткан, Кытайдан тышкаркы өлкөлөрдө кытай тилинин ар кандай деңгээлдери боюнча сынактарында жакшы жыйынтыктарга жеткен чет өлкөлүк окуп жаткандарга берилет. Өтүнмө берүүчү ошол мамлекетте  аккредитацияланган кытай элчиликтерине (жетектөөчү консулдуктарга) өтүнмө берет же сынактын уюштуруучусу чет өлкөлүк окуучулардын фондун башкаруунун Мамлекеттик комиссиясына өтүнмө берет.  

  1. Кытай маданиятын изилдөө объектиси

Бул объект Кытайдын Агартуу министрлиги тарабынан колдоого алынган жана Кытайга кыска мөөнөткө изилдөөгө келген эксперттерге жана окумуштууларга белгиленген. Өтүнмө берүүчү кызыкдар болгон өкмөттүк тармактардын, органдардын, өзүнүн мамлекетинин ЖОЖдоруна же ошол мамлекеттердин аккредитацияланган кытай элчиликтеринин (жетектөөчү консулдуктарынын) сунуштамасы менен, ошондой эле бул сунуштамасыз өтүнмө берет.

6.КЭРдин өкмөтүнүн стипендиясы өзүнө эмнени камтыйт

  1. Толук стипендия: окуу (изилдөө) акысы, кечиктирилгис медициналык жардам, негизги жөлөк пулдар, турак жайы, жашаган жери, жайгашуу үчүн бир жолку жөлөк пул жана шаар аралык транпорттук чыгашалардын ордун бир жолку толтуруу.  
  2. Жарым-жартылай стипендия: толук стипендиянын бир же бир нече курамы.
  3. Эл аралык учуулардын чыгымы: Эл аралык учуулар макулдашууларды талап кылган өзгөчө учурларды эске албаганда, өз эсебинен каржыланат.