Tuesday, February 8th, 2022.

Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк программасы

Студенттердин академиялык мобилдүүлүгү – бул чет өлкөлүк өнөктөш университетте бир семестр же окуу жылы боюнча билим алуу, анын жыйынтыгында окуунун натыйжаларын тастыктаган документ (транскрипт же окуу жөнүндө маалымкат) саналат.

Учурда Евразия улуттук университети Казакстандын алдыңкы классикалык университеттеринин бири болуп саналат.

 

Л.Н. Гумилев атындагы ЕУУда кадрларды даярдоо үч баскычтуу система боюнча жүргүзүлөт: бакалавриат – магистратура – PhD докторантура орус жана казак тилдеринде күндүзгү бөлүмдө гана, бул билим берүүнүн жогорку сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

 

Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жазгы-күзгү семестрге “Welcome to ENU” академиялык мобилдүүлүк программасына документтерди кабыл алат.

Программага бакалавр, магистратура жана докторантурада окуган студенттер катыша алат.

Окутуу аралаш форматта (өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша)

өткөрүлөт.

Керектүү документтер:

  • Паспорт;
  • Транскрипттин алдын ала сканерленген варианты.

Документтерди тапшыруу үчүн социалдык тармактардагы жана веб-сайттагы жаңылыктарды караңыз.

❓ Кошумча суроолоруңуз болсо, Тышкы байланыштар жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө кайрылыңыз.