Tuesday, February 8th, 2022.

М.С.Нарикбаев атындагы КАЗМЮУнун академиялык мобилдүүлүк программасы

Академиялык мобилдүүлүк студенттерди академиялык мөөнөткө чет өлкөлүк өнөктөш университетте окууну сунуш кылат. Программага катышуу – бул бир эле учурда чет өлкөлүк университетте окуу тажрыйбасын жана чет өлкөдө жашоо тажрыйбасын алуу мүмкүнчүлүгү.

 М.С.Нарикбаев атындагы КАЗМЮ университетинин миссиясы – сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүү аркылуу элге кызмат кылуу.⠀

М.С.Нарикбаев атындагы КАЗМЮУнун Экономика жогорку мектебинде жана Жогорку гуманитардык мектебинде окуу үчүн англис тилин билүү талап кылынат жана буга байланыштуу IELTS 5.0дон кем эмес сертификат керек же англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган башка сертификат керектелет. 

Керектелүүчү документтердин тизмеги: 

  •     Толтурулган  Application Student Exchange Programme 2021 (кол жазма менен эмесин КГЮАнын Эл аралык бөлүмүнөн алса болот);
  •     Transcript;
  •     Окуган жеринен справка;
  •     Паспорттун көчүрмөсү (күбөлүк);
  •     Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган сертификат (IELTS 5.0);
  •     Электрондук сүрөт 3х4 (сүрөттүн сканери эмес, башкача айтканда электрондук сүрөт); ⠀
  •     Толтурулган Learning agreement incoming (КГЮАнын Эл аралык бөлүмдөн алса болот); ⠀
  •     Медициналык форма (флюорография менен).

 

Окутуу аралаш форматта (өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша) өткөрүлөт. ⠀

Документтерди тапшыруу үчүн социалдык тармактардагы жана веб-сайттагы жаңылыктарга көз салыңыз.

Кошумча суроолоруңуз болсо, Тышкы байланыштар жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө кайрылыңыз.