Бул сиздин башка өлкөдө жашап, окуудан жаркын таасир ала турган келечегиңизге эң сонун инвестиция жана уникалдуу тажрыйба. Эл аралык академиялык программаларга катышуу сизге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет:
- Эл аралык академиялык чөйрөдө кызматташуу тажрыйбасын алуу;
- Маданияттар аралык баарлашууну жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү;
- Чет тилин билүү деңгээлин көтөрүү;
- Башка өлкөлөрдүн билим берүү системалары менен таанышуу;
- Жаңы карьералык перспективаларды ача алуу;
- Жаңы досторду табуу;
- Башка жерлерди көрүү;
Экономика жогорку мектеби (Москва ш.) жазгы-күзгү семестрге академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча документтерди кабыл алат.
Окутуунун форматы аралаш (онлайн жана оффлайн), өлкөдөгү кырдаалга жана студенттердин каалоосуна жараша болот.
Документтердин тизмеси:
-транскриптин акыркы көчүрмөсү;
-паспортттун көчүрмөсү;
-мотивациялык кат;
-сүрөт⠀
Документтерди тапшыруу үчүн социалдык тармактардагы жана веб-сайттагы жаңылыктарды караңыз.
❓ Кошумча суроолоруңуз болсо, Тышкы байланыштар жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө кайрылыңыз.