Friday, January 21st, 2022.

КГЮАга онлайн тапшыр

КГЮАга онлайн тапшыр!

Урматтуу абитуриенттер!

 

Биздин университет Абитуриент online жалпы мамлекеттик долбооруна катышып жатат 

Бул сапаттык жаңы деңгээлдеги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бир түрү. Бул абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине университетке кирүү процессинен тезирээк, түшүнүктүү жана ыңгайлуураак өтүүгө мүмкүндүк берет. Документтерди тапшыруу үчүн келүүнүн кажети жок жана сайттагы жеке кабинетиңизден конкурстук тизмелердеги позицияңызды көзөмөлдөй аласыз. Ал жерден университетке тапшырууга макулдук берсе болот.

Документтерди төмөнкү шилтеме менен да тапшырууга болот: 

https://2020.edu.gov.kg/vuz

Тапшыруу этаптары:

Катталуу

Абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтында каттоодон өтүшү керек. Телефон номерине SMS келген соң профилдеги маалыматты толтуруу керек. 

ЖОЖду тандоо

Сайтта Кыргызстандын бардык окуу жайлары, факультеттери жана адистиктери жайгашкан. ЖОЖдордун тизмесиндеги багытты жана профилди аныктоо зарыл.

Өтүнмө берүү

Андан кийин университетти, багытты тандап, электрондук ЖРТ билетин тапшырыңыз. Профилдик предмет боюнча предметтик тесттин болушу абитуриентке тиешелүү тармакка тапшырууда артыкчылык берет. Жеңилдик алуу үчүн кайрылгандар тиешелүү документтерди тиркөөлөрү керек.

Кирүү

ЖОЖдун сунуштамасынан кийин тандап алган адистик боюнча окууну каалаганыңызды ырастаңыз.

Тастыктоо үчүн арыз берүүчү автоматташтырылган маалымат системасына электрондук түрдө төмөнкү документтерди тиркөө керек: паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк; орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом; сертификаттын титулдук барагы; окуу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанция (эгер контракт боюнча кабыл алынса). Бул документтердин түп нускасы окуу жылынын башында университетке тапшырылууга тийиш.

Онлайн режимде ЖОЖдорго тапшыруу боюнча нускамалар: 

https://youtu.be/-YVrAb3CDyI

https://youtu.be/HIP6sZdtBM0

https://youtu.be/-0Yoz1Bz1ho

Бардык суроолорду 1919 кыска номеринен жана www.2020.edu.gov.kg сайтынан тактоого болот.