Бөлүмдүн башчысы – ю.и.к., доц.м.а. Дононбаева Анна Александровна
Дареги: Бишкек ш., Чуй пр.180А
Телефон номери: +996 (312) 391887
E-mail: otdelsop@ksla.kg
Бөлүмдүн түзүлүшү:
Бөлүмдүн башчысы – Дононбаева Анна Александровна
Бөлүм башчынын орун басары – Такырбашева Динара Маратовна
Башкы адис – Медведева Наталья Геннадьевна
Жетектөөчү адис – Дюшебаева Нурпери Тилековна
Жетектөөчү адис – Темирбекова Алтынай Темирбековна
Жетектөөчү адис – Толобаева Насиба Авазбековна
Борбордун максаты:
КГЮАда окуу процессин натыйжалуу уюштуруу, пландоо, башкаруу, билим берүүнүн сапатына мониторинг жана көзөмөл жүргүзүү болуп саналат.
Милдеттер:
- КГЮАда окуу процессин пландоо жана уюштуруу;
- окуу процессин камсыздоо боюнча борборлордун, институттардын, кафедралардын жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо;
- окуу процессин уюштуруунун натыйжалуулугун жана окутуунун сапатын жогорулатуу максатында Санариптик өнүктүрүү бөлүмү менен биргеликте КГЮАнын окуу процессине инновациялык билим берүү технологияларын иштеп чыгуу жана киргизүүгө катышуу;
- КГЮАда билим берүү программаларын ишке ашырууну көзөмөлдөө, билим берүү ишмердүүлүгүн камсыздоо жана сапатын көзөмөлдөө;
- кесиптик билим берүүнүн деңгээлдик даярдыгынын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү жана башкаруу;
- окуу процессин уюштурууну жана камсыздоону регламенттеген ченемдик жана тескөөчү документацияны иштеп чыгуу, окуу процессин жакшыртууга багытталган сунуштамаларды түзүү, окуу процессин уюштуруу, пландоо, башкаруу жана көзөмөлдөө, окуу-усулдук жана консультациялык жардам берүү боюнча КГЮАнын түзүмдүк бөлүмдөрүн керектүү жоболор, ченемдик материалдар менен камсыздоо;
- КГЮАда окуу процессинин натыйжалуулугун жана кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүү жана киргизүү;
- КГЮАнын билим берүү программаларын лицензиялоо жана мамлекеттик аккредитациялоо жол-жоболорун коштоо;
- окуу процессинин жүрүшүндө келип чыккан келишпестиктерди чечүү;
- бөлүмдүн компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча КГЮАнын түзүмдүк бөлүмдөрү, билим берүүнү башкаруу органдары менен өз ара иштешүүнү жүзөгө ашыруу.