Карьера борборунун Директору: Гривцов Никита Олегович
Байланыш: ++996 312 392102
Борбордун максаты:
Борбор КГЮАнын студенттеринин карьерасын пландаштырууга жана өнүктүрүүгө жардам берүү, эмгек рыногунун абалына көнүү жана жаштарды жумушка орноштуруу маселелерин чечүү максатында түзүлгөн.
Милдеттер:
Иш берүүчүлөр менен практикалык окутуу, стажировка, иш берүүчүнүн окуу процессин уюштурууга катышуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
Кесипке багыт берүү жана жумушка орноштуруу маселелери боюнча консультациялык иш-чараларды уюштуруу;
Бүтүрүүчүлөрдүн кийинки ийгиликтүү жумушка орношуусуна өбөлгө болгон иш-чараларды уюштуруу;
Студенттер арасында кесиптик багыт берүү иштеринин мыкты тажрыйбаларын үйрөнүү жана жайылтуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу;
КГЮАнын институттары жана түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзгөн кесиптик багыт берүү иштерине жардам.
Enactus КГЮА, юридикалык, салык жана бажы клиникаларынын ишин координациялоо.
Бөлүмдүн ишмердүүлүгү:
Карьера борбору өз ишинде Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинин (КГЮА) Уставын, буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн жана башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.