Friday, January 21st, 2022.

Юридикалык клиника

KГЮАнын Юридикалык Клиникасы төмөндөгү маселелер боюнча жардамга муктаж болгон бардык жарандарга юридикалык кеңеш берет:

  • жарандык укук;
  • үй-бүлөлүк укук;
  • мурас укугу;
  • турак-жай укугу;
  • эмгек укугу;
  • социалдык жактан камсыздандыруу укугу;
  • жазык укугу;
  • консультация берүү;
  • юридикалык иш кагаздарын түзүү;
  • соттордо жана мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызыкчылыктарды көрсөтүү.

Биздин максат: 

  • Студенттердин практикалык иш тажрыйбасын жана кесиптик этика нормаларын сактоо көндүмдөрүн алуусу;
  • Аз камсыз болгон жарандарга квалификациялуу акысыз юридикалык жардам.

Тийиштүү сабактар ​​боюнча окутуу программасын, ошондой эле юридикалык жардам көрсөтүү боюнча тренингдерди ийгиликтүү аяктаган жогорку курстун студенттери юридикалык клиниканын коомдук кабылдамасында иштешет.

Жарандарды кабыл алуу дүйшөмбүдөн ишембиге чейин жүргүзүлөт

жекшемби – дем алуу күнү

Иштөө убактысы:  9-00дон  17-00го чейин

Дареги: Чүй пр. 180 а., тел. 0312 392041