Saturday, January 22nd, 2022.

Экономика жана башкаруу департаменти жөнүндө маалымат

Директор: Кыдыралиев Алмазбек  Тойматович

Директордун орун басары: Эркин уулу Максатбек

Жетектөөчү адис: Кожомбердиева Мээрим Мирбековна

Жетектөөчү адис: Сагынбек кызы Гулкайыр

Адрес: Кыргыз Республикасы, Чуй облусу, Кок-Жар айылы №2 корпус  КГЮА, Карагул Акмат кочосу №4, 2 кабат, 201 кабинет

Бөлүм жөнүндө маалымат

     Экономика жана башкаруу департаменти Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинин түзүмүндө 15 жылдан ашуун убакыттан бери (2005-жылдан бери) – алгач башкаруу жана укук факультети,  2019-жылдан  институт, ал эми 2021 жылдан бери департамент болуп иштеп келе жатат.

          Башкаруу жана укук Факультети илимий Кеңештин чечиминин негизинде Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинин структуралык бөлүмү катарында ректордун 2005-жылдын 17-октябрындагы №05-15 ∕ 103-а буйругу менен түзүлгөн. Максаты экономика, бажы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жаатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары, салык кызматы, каржы полициясы, бажы органдары, менчиктин ар кандай түрүндөгү уюмдар жана ишканалар, илимий мекемелер, консультациялык жана коомдук уюмдар үчүн адистерди даярдоо.

          2019-жылы адистиктердин жана профилдердин алкагында адистерди максаттуу даярдоо үчүн факультет экономика жана башкаруу Институтуна ал эми 2021 жылдан баштап департамент болуп иштей баштады.

          Бүгүнкү күндө ал университеттин түзүмүндөгү ири структуралардын  бири: бул жерде 600дөн ашуун студенттер билим алышат. Экономика жана башкаруу департаменти өзүнүн динамикалуулугу, экономикалык, мамлекеттик, бажы илими, билим берүү жана практика жаатында жаңы жана алдыңкы нерселерди өздөштүрүүдөгү жана киргизүүдөгү даярдыгы менен айырмаланат. Бул жылдар бою түптөлүп, сакталып келе жаткан салттары менен белгилүү.

          Учурда департамент академиялык бакалавр даражасын күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө тапшыруу менен төмөнкү багыттар боюнча кадрларды даярдап жатат:  

  • Экономика профилдери:

– салыктар жана салык салуу

– бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит

– каржы жана насыя

  • Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (профили: укуктук менеджмент)
  • Логистика (профили: логистика жана жеткирип берүү тутумдарын башкаруу)
  • Бизнес информатикасы (профили: электрондук бизнес)
  • “Бажы” адистиги, адистешүү (бажы менеджменти). 

          2017-жылдан 2021 жылга чейин экономика жана башкаруу департаментинде магистрдик программа иш алып барып келген,   жана  100дөн ашык магистранттар 2 магистрдик программада даярдалган:

Магистрдик программа төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырылган жана азыркы учурда магистрдик программа магистатура жана PHd институна откорулуп берилген:

  • Экономика (профили: Салыктар жана салыктык консультация; Экономика жана бизнести укуктук жөнгө салуу)
  • Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу (профилдери: Мамлекеттик башкаруу; Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди башкаруу; Экономика жана каржы башкармалыгы).

    2021 жылдан баштап департаменттин курамына экономикалык колледж берилген.

Колледж экономика жана бухгалтердик эсеп  адистиги боюнча орто кесиптик билим тууралуу диплом берет. Окуу мооноту: 9 класстын базасында 2 жыл 10 ай, 11 класстын базасында 1 жыл 10 ай.

          2018-жылы экономика жана башкаруу департаментинин базасында университеттин түзүмдүк бөлүмү болгон жана КГЮАнын карьера борборунун алдында иштеген биринчи Салык жана бажы клиникасы пайда болду. Клиниканын максаты: студенттерди окутуунун өнүккөн, инновациялык түрлөрүн жана колдонулуп жаткан формаларын жана методдорун өркүндөтүү; мамлекеттик бийлик органдарындагы иштөө теориясы менен практикасы, салык, бажы практикасы, административдик жол-жоболордун практикасы жана жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык органдарга кайрылуулары менен иштөө ортосундагы байланышты бекемдөө жана өнүктүрүү.Клиникада иштөө студенттер үчүн окуу же өндүрүштүк практиканы өтүү гана эмес, бул жерде студенттер өз алдынча кесиптик иштин алгачкы көнүмдөрүн ала башташты.

          Өзүнүн 15 жылдык тарыхында департамент илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө бир катар олуттуу кадамдарды жасады. департаменттин жана “Экономика,башкаруу жана бажы” кафедрасынын базасында студенттердин “Asademicus” экономикалык клубу иштейт. Бул бирикме студенттердин жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнүн илимий, маданий, изилдөөчү, экономикалык жана укуктук бирлиги. Биримдиктин максаты: студенттердин, мугалимдердин жана практиктердин, коомчулуктун өкүлдөрүнүн экономикалык жана укуктук өнүгүү маселелерин талкуулоого, ошондой эле Биримдиктин Мүчөлөрүнүн адеп-ахлактык жана маданий прогрессине көмөктөшүү аракетин бириктирүүгө багытталган. Бул илимге, анын пландаштырылган өнүгүүсүнө жана жаңыдан кадам койгон окумуштуулар арасында жайылтууга кайдыгер карабаган студенттердин тобу. Клуб ондогон иш-чараларды өткөрдү, алардын мүчөлөрү өздөрүн катышуучу катары гана эмес, уюштуруучу жана лидер катары көрсөтүшөт. 

          Департаменттин  студенттери окуудан тышкаркы иш-чараларга активдүү катышышат; департаментте , Университетте, ошондой эле окуу жайынан тышкары өткөрүлгөн ар кандай чыгармачыл шоулардын,сынактардын, фестивалдардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери. Эң популярдуу сынактардын бири – департаменттин жыл сайын өткөрүлүүчү “Мыкты окуу группасы” сынагы. Спорт жашоосу жалпы университеттик спорттук иш-чараларга (Спартакиада, Универсиада, Жеңил атлетикалык эстафета жана башка) катышууну, ошондой эле спорттун ар кандай түрлөрү боюнча департаменттин өзүнүн мелдештерин өткөрүүнү камтыйт.

          Департаменттин бүтүрүүчүлөрү ар кандай мамлекеттик жана аймактык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, бажы, салык кызматтарында, менчиктин ар кандай формасындагы уюмдарда жана мекемелерде (юридикалык фирмалар, банктар, өнөр жай жана соода ишканалары, компаниялардын филиалдары ж.б.)иштешет.

Жетишкендиктер, сыйлыктар

KГЮА жыл сайын департаменттер арасында “Мыкты институт” наамы үчүн кароо-сынак өткөрөт

– 2016-жылдагы “Мыкты институт” сынагынын жыйынтыгы боюнча Экономика жана башкаруу институту жеңүүчү деп табылган

– 2017-жылдагы “Мыкты институт” сынагынын жыйынтыгы боюнча Экономика жана башкаруу институту жеңүүчү деп табылган

Эки жыл катары менен биздин департамент ушул сынактын жеңүүчүсү болуп, татыктуу диплом жана кубокко ээ болду.

 – 2017-жылдын 6-августунда Финляндиянын Тампере шаарында Ким Роман Олегович – жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси болду;

– 2017-жылдын сентябрь айында департаменттин студенти Азамат Дүйшеев Президенттин «Үмүт» стипендиясынын ээси болду;

– 2017-жылы КМЮАда I курстун студенттери арасында “Биз таланттарды издейбиз” аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү болуп, анда Экономика жана башкаруу департаментинин 1-курсунун студенттери Ардактуу I орунга ээ болушту;

-2019-жылы КГЮАда I курстун студенттери арасында “Биз таланттарды издейбиз” аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү болуп, анда Экономика жана башкаруу департаментинин 1-курсунун студенттери Ардактуу I орунга ээ болушту;

Эң мыкты бүтүрүүчүлөр

Мукаматов Тынчтыкбек Мукаматович – Экономика жана башкаруу департаментинин 2014-жылкы бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигинин, эл аралык салык жана бажы органдары бөлүмүнүн башчысы;

Пак Вячеслав Вячеславович – Экономика жана башкаруу департаментинин 2014-жылкы бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Экономика Министрлигинин Фискалдык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси.

Касымов Умар Хайдарович – 2015-жылкы Экономика жана башкаруу департаментинин бүтүрүүчүсү, Соода өкүлү, Coca-Cola ЖАКынын сатуу бөлүмүнүн 2-деңгээлдеги пресселери;

Ракымов Азат Ракымович – Экономика жана башкаруу департаментинин 2015-жылкы бүтүрүүчүсү, Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын бөлүмүнүн инспектору;

Акматов Ислам – Экономика жана башкаруу департаментинин 2009-жылкы бүтүрүүчүсү, эстрада ырчысы;

Эсеналиев Каныбек Сыргакович – Экономика жана башкаруу департаментинин 2015-жылкы бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу боюнча Мамлекеттик кызматтын Режим жана көзөмөл бөлүмүнүн көзөмөлдөөчүсү.