Thursday, January 27th, 2022.

Эл аралык мамилелер жана эл аралык укук институт жөнүндө маалымат

Директор: Ахметов Мирдин Алыкулович  +996 507 060 654, mirdinahmetov@rambler.ru

Директордун орун басарыАскарбеков Дүр Эркинбекович +996 772 675 593,askarbekov.dur@gmail.com

Жетектөөчү адисӨмүркулова Айзада Нарынбековна +996 500 990 603, omurkulovaaizada03@gmail.com

Дареги:  Бишкек ш., It-академия корпусу, Горький көчөсү №18, 402 к;
Телефон:  impmo.ksla@gmail.com

Бөлүмдүн электрондук дареги: impmo@ksla.kg

Институттун тарыхы

Эл аралык мамилелер жана эл аралык укук институту Кыргыз Мамлекеттик юридикалык университетинин эң жаш институту болуп саналат. КГЮАнын Ректорунун 01.06.2006 жылкы буйругуна ылайык, 2009-жылы Эл аралык-укуктук факультети ачылып, институттун тарыхы дал ушул жылдан башаталат. 2019-жылдын 1-октябрынан тарта факультет Эл аралык укук жана эл аралык мамилелер институту болуп өзгөргөн. Институттун алдыга койгон максаты: улуттук мыйзамдардан тышкары эл аралык мыйзам чыгаруулардын негизин билген, рационалдуу ой жүгүртө алган, кең кругозорлуу, кесиптик компетенциясы терең, мамлекетибиздин интеллектуалдуу, политикалык жана ишмердик элитасын, жогорку квалификациялуу адис-юристтерин чыгаруу болгон.

Азыркы учурда эл аралык мамилелер жана эл аралык укук институту,  университетибиздин түзүмүндөгү көлөмү чоң институттардын арасында туруп, дээрлик 600дөн ашык студенттке билим берет. Институт өзүнүн салттары, чет өлкөлүк ЖОЖдор менен кызматташтыгы, креативдүүлүгү менен белгилүү.

Институттун жаралышынан бери анын өзөгү болгон негизги багыттары түзүлгөн. Алар, биринчиден, салыштырмалуу укук таануу көйгөйү болсо, экинчиден, эл аралык коомдук жана эл аралык жеке укук жаатында фундаменталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүү болгон. Ошондой эле, азыркы эмгек рыногунда чоң ролго ээлик кылган француз, англис, кытай, араб тилдери окутулгандыгы үчүн, студенттер специалдуу тилдик даярдык менен чыгышат.

Азыркы учурда институтта толук орто билим базасында бакалавр академиялык даражасына жана толук жогорку билим базасында магистр даражасына кадрларды даярдоо боюнча төмөнкү багыттар иш алып барат:

Бакалавриат:

  • Юриспруденция 530500 багыты боюнча:

а) Эл аралык укук; 

б) Ислам укугу;

в) Кытай укугу;

г) Европа укугу.

2) Эл аралык мамилелер 530800 багыты боюнча:

а) Дипломатиялык жана консулдук кызмат;

б) Глобалдык миграциялык процесстер.

Студенттердин даярдыгынын деңгээли алардын мугалимдеринин кесипкөйлүгү менен аныкталат. Студенттик институт ар дайым жогорку квалификациялуу ПМК кадрларына ээлик кылган. Бул жерде көрүнүктүү окумуштуулар жана практиктер, профессорлор иштешкен: Саматов Орозбай Жусупбаевич, юридика илимдеринин доктору. Профессор-консультант, Коомбаев Абдиш Абазович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси, милициянын полковниги, юридика илимдеринин доктору ж.б.

«Эл аралык юрист» даярдоонун расмий багыты жок болсо да, эл аралык мамилелер чөйрөсүндө кесипкөй юристтерге суроо-талап тынымсыз өсүүдө. Себептери түшүнүктүү: юриспруденция эл аралык укукка барган сайын активдүү кол салууда.

Жетишкендиктер

Институт жана институттун студенттери университеттин коомдук турмушуна активдүү катышууда. Институттун студенттеринин төмөнкү жетишкендиктерин сыймыктануу менен келтирсек болот:

  1. ЭАМЭАУ 2013-жылы КГЮАнын институттары арасында өткөн жайкы спорт жана жеңил атлетика боюнча мелдеште 1-орунду ээлеген;
  2. 2019-жылы студенттер арасында өткөн ышкыбоздук оюн-зооктордун спартакиадасында институттун чыгармачыл жамааты 1-орунга ээ болгон;

Ошондой эле, институттун студенттери ар кандай брейн-рингдерге, эл аралык конференцияларга жана БУУнун моделине активдүү катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту:

    1. 2019-жылы Кыргызстандын мамлекет жана укук тарыхы боюнча брейн-ринг өтүп, студенттерибиз «Тапкычтуу команда» номинациясы боюнча дипломго ээ болушту ;
    2. 2019-жылы Эмгек укугу сабагы боюнча факультеттер аралык сынакка активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор менен сыйланышты;
    3. 2019-жылы 4-курстун студенттери арасында Жер укугу боюнча турнирде 2-даражадагы диплом менен сыйланган;
  • Институтубуздун “Ийгиликке карай жол” деген урааны менен эч качан багынбай, жеңишке умтулушуп, 2019-жылы жыл сайын өтүүчү Чет өлкөлөрдүн тарыхы боюнча Брейн рингде жеңишке ээ болушкан. Ошондой эле студенттер Казакстан Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана башка мамлекеттерге ар кандай эл аралык конференцияларга барышат. Бул жетишкендиктердин тизмеси толук эмес, анткени институт Кыргызстандын келечегин даярдайт.

 

Институттун мыкты бүтүрүүчүлөрү

  1. Канымкулов Нурмухаммат Канымкулович –Ислам укугу багыты боюнча 2016-жылдын бүтүрүүчүсү,Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги консулу;
  2. Марат Эмир –Эл аралык коомдук укук багыты боюнча 2017-жылдын бүтүрүүчүсү, ЖАК «Кумтөр Голд Компаниясында» юрист болуп эмгектенет;
  3. Аскарбеков Дүр Эркинбекович –Ислам укугу багыты боюнча 2015-жылдын бүтүрүүчүсү, юридика илимдеринин кандидаты, Эл аралык мамилелер жана эл аралык укук институтунун директорунун орун басары, эл аралык укук жана дүйнөлүк саясат кафедрасынын доцентинин м.а. 
  4. Таалайбекова Эркинай Таалайбековна –Ислам укугу багыты боюнча 2016-жылдын бүтүрүүчүсү, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин санариптик өнүгүү бөлүмүнүн башчысы.  
  5. Шаршеналы уулу Адилет – Коммерциялык укук багыты боюнча 2015-жылдын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы.