Saturday, January 22nd, 2022.

Сот адилеттиги, прокурордук жана укук коргоо ишмердүүлүгү департаменти жөнүндө маалымат

Директор: Ажыбек уулу Нурбек

Директордун орун басары: Советбек уулу Аскат

Директордун орун басары: Мырзабаев Митхун Таалайбекович

Жетектөөчү адис: Зарылканова Алия Базаровна

Жетектөөчү адис: Бейшегул кызы Нурайым

Жетектөөчү адис: Сариева Айзада Мырзакеримовна

Адрес: Проспект Чуй 180а

Бөлүм жөнүндө маалымат

Бүгүнкү күндө департаменттин негизги миссиясы – юридикалык жогорку квалификациялуу кадрларды мамлекеттик жана мамлекттик эмес мекемелер жана уюмар үчүн сапаттуу даярдоо болуп саналат.

Биз студенттерге заманбап теориялык билим беребиз жана аларга келечекте прокурордук, тергөө жана сот ишмердүүлүгүндө зарыл болгон практикалык жөндөмдөрүн өнүктүрөбүз.

Департаменттин босогосун аттаганда эле өзгөчө дүйнөгө келгениңерди сезесиңер, анын эң башында билим жана мээнеткечтик турат. Ошон үчүн бизде окуган абдан кызыктуу жана жана жеңил болот.

Биздин департментте окугандын өзгөчөлүгү бир гана билим алуу эмес, өзүн-өзү таануу, жеке өнүгүү болуп саналат.

Департаменттеги калыптанган салттуу укуктук тарбиялоо жана окутуу, жогорку квалификациялуу профессордук- окутуучулук курам, өнүккөн инфраструктура, билим алуу үчүн ыңгайлуу шарттар – булар жөн гана жагымдуу, достук атмосфера түзбөстөн, юридикалык окутуунун сунушталган программасынын пайдубалын аныктайт.

Жылдан жылга биздин департаментке тапшырууну каалагандар көбөйүүдө жана алар мыктынын мыктылары экендиги.

Жетишкендиктер, сыйлыктар

Департаментте 1311 студент билим алууда. Сот адилеттиги, прокурордук жана укук коргоо ишмердүүлүгү департаменти департаменти КГЮАнын мыкты департаменти болуп саналат. Ар кандай иш- чараларда, юриспруденция боюнча олимпиадалардабайгелүү орундарды ээлеп келишет.

КГЮАнын ар жылы өткөргөн спартакиадада Департаменттин студенттери жогорку байгелүү орундарды ээлеп келишет.

Бүгүнкү күндө департаментте эл аралык класстагы 2 спорттун чебери жана КРнын 14 спорт чебери билим алып жатышат.

Эң мыкты бүтүрүүчүлөр

1. Мырзабаев Митхун Таалайбекович, Сот-прокурордук факультетин 2010-жылы аяктаган, ю.и.к., Тергөө-криминалистикалык институтунун директорунун орун басары.
2. Кангелдиев Калыйнур Ратбекович 2011-жылы Сот-прокурордук факультетин аяктаган, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы.
3. Муратбеков Шабдан Муратбекович, 2012-жылы Сот – прокурордук факультетин аяктаган, Москва районунун прокурорунун орун басасры, 2-класстагы юрист
4. Осмоналиев Урмат Турарович 2011-жылы Сот-прокурордук факультетин аяктаган, Жазык жана жарандык сот өндүрүшү жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүмдүн прокурору, 1-класстагы юрист.
5. Шыгаев Адилет Рысбекович, 2011-жылы Сот-прокурордук факультетти бүтүргөн, Аламүдүн районунун прокурорунун улук жардамчысы, 1-класстагы юрист.
6. Исабаев Мухамет Камчыбекович, 2014-жылы Сот-прокурордук факультетти бүтүргөн, Ош облусунун Өзгөн районунун прокурорунун улук жардамчысы, 1-класстагы юрист.
7. Каратаев Азамат Олжобаевич, 2014-жылы Сот-прокурордук факультетти бүтүргөн, Бишкек шаарынын прокуратура бөлүмүнүн прокурору, 1-класстагы юрист.
8. Джакыпов Азат Анарбекович, 2010-жылы Сот-прокурордук факультетин аяктаган, Бишкек шаарынын Октябрь районунун АКБ ЖКК начальниги;