Saturday, January 22nd, 2022.

Жогорку IT мектеби жөнүндө мааалымат

Директор: Джакшылыкова Гулкайыр Джакшылыковна

Директордун орун басары: Боталиева Каныкей Мирбековна

Директордун орун басары: Абдылдаев Азат-Бек Абдыкалыкович

Жетектөөчү адис: Сыргак кызы Айзат

Жетектөөчү адис: Омуркулова Саламат Омуркуловна

Адрес: Горький көчөсү, 18

Институт жөнүндө маалымат

Жогорку IT мектеби бүгүнкү күндө эң мыктыларды: программисттерди, маалыматтык коопсуздук жана маалыматтык технологиялар тармагындагы адистерди даярдайт, алар IT-чечимдерди колдонуу менен ишканаларды башкарууну жана  автоматташтыруу боюнча кызматтарды көрсөтө алышат.

Жогорку IT мектебинин миссиясы: экономиканы модернизациялоо жана экономикалык иштин бардык чөйрөлөрүндө заманбап маалыматтык технологияларды өнүктүрүү үчүн – Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүү багыттарын камсыз кылууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Жогорку IT мектебинин эң сонун материалдык-техникалык базасы бар – заманбап компьютерлер жана проекторлор менен жабдылган компьютердик класстар, окуу бөлмөлөрү, спорт залы, стадион, футбол аянтчасы, ыңгайлуу ашкана.

Азыркы учурда, Жогорку IT мектебиде:

  • Төмөнкү багыттар боюнча академиялык бакалавр даражасын берүү менен студенттер билим ала турган санариптик технологиялар бөлүмү: 710300 Колдонмо информатика; 710200 Маалыматтык системалар жана технологиялар; 590100 Маалыматтык коопсуздук; 710500 Интернет технологиялары жана башкаруу;
  • IT – колледж 230701 Колдонмо информатика жана 100203 Автоматташтырылган системалардын маалыматтык коопсуздугу адисттиктери  боюнча базалык деңгээлдеги орто кесиптик билимди даярдайт.

Юридикалык багыт Жогорку IT мектебинин бүткүл окуу процессинде маанилүү багыт болуп саналат. Бүтүрүүчүлөр интернет чөйрөсүндө өз укуктарын гана көргөбөстөн, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, ээлик кылуу жана сатуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө сала алышат.

Жогорку IT мектебинин милдети студенттердин арасында маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга жана укук бузууларга элдешпес мамилени калыптандыруу, мыйзамды так сактоо жана мамлекеттик символдорду сыйлоо духунда тарбиялоо болуп саналат.